БШК Лейлек жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
17 августа 2020
17-августта КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында Лейлек жана Балыкчы территориялык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Лейлек жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-18-19-22-беренелерине ылайык, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176-токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кабыл алды:
1. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Саттарова Гулхаё Ибодуллаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бабаев Фаррух Абдикодирович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Керимбаева Асель Сагыновна, «НУР» саясый партиясынан көрсөтүлгөн Айбалиев Темирбек Асанович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Гуланбаева Чолпон Нарынбаевна, «Замандаш» саясый партиясынан көрсөтүлгөн Эгембаев Алмазбек Жанышевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
