БШК айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
17 августа 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 17-августтагы жыйынында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрткөн чечим кабыл алды.
Базар-Коргон, Ысык-Ата жана Аламүдүн территориялык шайлоо комиссияларынын “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 7-беренесинин 2-4-1 пункттарына ылайык, айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү тууралуу кайрылууларынын негизинде, КР Боршайкому төмөнкү шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алды.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району:
- Кеӊеш айыл аймагындагы № 2141 шайлоо участкасы, Совет айылындагы Достук көчөсүндөгү № 93 балдар бакчасынын имаратынан Совет айылындагы Абдраимов көчөсүндөгү № 70 спорт залдын имаратына өзгөртүлсүн;
- Бешик-Жон айыл аймагындагы № 2042 шайлоо участкасы, Баймундуз айылындагы К. Насирдинбеков көчөсүндөгү № 4 маданият үйүнүн имаратынан Баймундуз айылындагы К. Кайназаров көчөсүндөгү № 5 № 22 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаары:
- № 7119 шайлоо участкасы, Буслаева № 1 көчөсүндөгү Кант типографиясындагы имаратынан Пушкина № 53 көчөсүндөгү № 3 орто мектебиндеги имаратына өзгөртүлсүн;
- № 7123 шайлоо участкасы, 3 микрорайонундагы Физкультуралык-ден соолукту чыңдоочу борбордун имаратынан 3-микрорайондогу Спорт комплексиндеги имаратына өзгөртүлсүн.
3. Чүй облусунун Аламүдүн району:
- № 7413 Васильевка айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү № 117 ГСВ имаратынан Клубный чолок көчөсүндөгү № 2 «Солнышко» ДОО имаратына өзгөртүлсүн;
- № 7160 Пригородный айылындагы Дорожная көчөсүндөгү № 50 ОсОО ЛТД «Энесай» имаратынан Дорожная көчөсүндөгү № 52б ЗАО «Улук-Транс» имаратына өзгөртүлсүн.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөрүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.
КР БШК Маалыматтык бөлүм
