Башкы Жаңылыктар БШК КМШ өлкөлөрүндө жашаган Кыргызстандын жарандары менен онлайн …

БШК КМШ өлкөлөрүндө жашаган Кыргызстандын жарандары менен онлайн жолугушуу өткөрдү

13-Авг, 2020

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова 12-августта Кыргызстандан тышкары жашаган жарандар менен 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо маселелери боюнча үчүнчү онлайн жолугушууну өткөрдү.

Онлайн жолугушуулар ар шаршембиде Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө ТИМ, Мамлекеттик каттоо кызматы, ПРООН жана Миграция боюнча эл аралык уюмдун биргелешкен аракети менен өтүп келет. Биринчи жолугушуу 29-июлда Түркиядагы кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен болуп өткөн. 5-августта Россияда жана Казакстанда жашаган Кыргызстандын жарандары менен онлайн жолугушуу болгон. 19-26-августтарда АКШда, Европа өлкөлөрүндө, Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жашашкан мекендештер менен онлайн жолугушуулар болмокчу. COVID-19 коронавирус пандемиясынан улам жарандардын ден соолугун коргоо максатында иш-чаралар онлайн режимде өтүүдө.

Мындай жолугушуулардын башкы максаты – ар бир кыргызстандыктын конституциялык укугун ишке ашырып шайлоо процессине катышуусу, шайлоо процессинин ачыктыгы менен аныктыгын камсыз кылуу.

12-августта болуп өткөн жолугушууда чет өлкөлөрдө жашашкан кыргызстандыктар шайлоо процессин уюштуруу маселелери, шайлоочулардын тизмесине кошуу мүмкүнчүлүктөрү, консулдук каттоого туруу, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу жана башка маселелерге кызыгууларын билдиришти.

БШК төрайымы Н. Шайлдабекова тарабынан кенен-кесири жооптор берилди. Ошону менен бирге чет өлкөлөрдө жашаган Кыргызстандын жарандары үчүн төмөнкү маанилүү жагдайлар белгиленди:

  • “КР ЖК депутаттарын жана Президентин шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга ылайык, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле КР мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн территорияларында ачылышы мүмкүн. 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган ЖК депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участокторунун жалпы саны 44 (кырк төрт). Биринчи жолу Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск жана Якутск шаарларында КР Россиядагы элчилигинин канцеляриясы негизделгендиктен, бул шаарларда шайлоо участоктору ачылды. Ошондой эле биринчи жолу шайлоо участоктору Париж, Рим шаарларында түзүлдү.
     
  • КРдин жарандык жөнүндөгү мыйзамына ылайык, КР жарандыгынан кабыл алынган тартип боюнча чыгууну аткарбаган жаран да Кыргыз Республикасы үчүн КР жараны болуп кала берет жана шайлоо укугуна ээ болот.
     
  • “КР ЖК депутаттарын жана Президентин шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзам боюнча, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана КРдин жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде консулдук каттоодо турган жарандар, тиешелүү участоктордогу шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.https://shailoo.gov.kg/ru/konstitucionnye-zakony-kr/konstitucionnye-zakony-kr/O_vyborah_Pr-1913/
     
  • Консулдук каттоого туруу үчүн чет өлкөдөгү мекемеге жеке өзү келип документтер пакетин тапшыруусу, же болбосо Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук дарегине сканерленген документтерди салуу же КР ТИМдин https://mfa.gov.kg  порталындагы «Консулдук каттоо” электрондук маалыматтык системасы аркылуу жөнөтүү зарыл.
     
  • Жарандардын шайлоочулардын тизмесине кошулушу боюнча маалыматты мамлекеттик «Тизме» http://www.tizme.gov.kg порталынан тактап билүүгө же шайлоолордун убагында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин территорияларындагы шайлоо участокторунан билүүгө болот.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>