БШК бухгалтерлер жана ТШК төрагалары үчүн финансы маселелери боюнча окутуучу семинар өткөрдү
06 августа 2020
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эсепти пландаштыруу, отчеттуулук бөлүмү 5-августта бухгалтерлер жана территориялык шайлоо комиссияларынын төрагалары үчүн финансы маселелери боюнча окутуучу семинар өткөрдү.
Окутуучу иш-чаранын катышуучуларына ачык-айкындуулуктун жана финансылык ачыктыктын принциптерине жооп берген шайлоо кампаниясын каржылоого тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмө берилди. Бухгалтерлер жана ТШК төрагалары 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоонун чыгымдары эпидемиологиялык кырдаалга жараша, шайлоо процессин уюштуруу үчүн абдан зарыл болгон иш-чараларды эске алуу менен түзүлгөндүгү боюнча кабардар болушту.
Шайлоо комиссияларынын чыгымдарынын сметасын түзүүнүн жана төмөнкү комиссияларды андан ары каржылоонун 2020-жылдагы өзгөчөлүгү, ТШКга территориялык шайлоо комиссияларынын (ТШК) жана шайлоо комиссияларынын участокторунун (ШКУ) чыгымдарынын бир гана корголгон статьялары боюнча акча каражаттары берилээри болуп калды. Булар: айлык акылар, Соцфондго чегерүүлөр, кызматтык сапарлардын чыгымдары жана башка товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү (окутууга кеткен чыгымдар: тамак-аш, күнүмдүккө берилчү акча) сатып алуу.
Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрына КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо дайындалган.
