Башкы Жаңылыктар Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Борбордук шайлоо комиссияларынын вебинары …

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Борбордук шайлоо комиссияларынын вебинары болуп өттү

17-Июл, 2020

16-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Түштүк Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясынын (УШК) ортосунда, 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешине  депутаттарды шайлоодо COVID-19 дартынын таралуусунун алдын алуу маселелери боюнча вебинар болуп өттү.

Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин (KOICA) колдоосу менен уюштурулган вебинарга КР БШК төрагасынын орунбасары А. Бегматов, Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясынын башкаруучу директору Пак Чанджин, KOICAнын вице-президенти Пэк Су-Хе жана эки комиссиянын өкүлдөрү катышты.   

Түштүк Кореянын УШК өкүлдөрү пандемия учурунда шайлоону уюштуруу тууралуу өз тажрыйбаларын айтып беришти. Алардын айтканына караганда, 2020-жылдын 15-апрелинде бүткүл өлкөдө атайын эс алуу күнү жарыяланган. Добуш берүүлөрдү уюштуруу үчүн бийлик 550 миң адамды ишке тарткан.

Улуттук жыйындын 21-чакырылышына шайлоолордун жүрүшүндө өлкө боюнча 14 330 шайлоо участоктору уюштурулган, бир шайлоо участогуна орточо 2000 миң шайлоочу туура келген. Бардык участоктор дезинфекцияланып, полдорго шайлоочулардын социалдык аралыкты сактоосуна жардам берүүчү белгилер тартылган. Ошондой эле өлкө боюнча 3 508 шайлоо участоктору мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн ачылган, алардын ар биринде орточо 3 300 шайлоочу добуш бере алган.

Кореянын Улуттук жыйынынын 21-чакырылышына  шайлоо өткөрүү үчүн, чет өлкөлөрдөгү 85 дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө 91 шайлоо участогу ачылган. Добуш берүү үчүн каттоодон өтүү онлайн жүргөн.

Даярдык көрүү алгоритми:

· Персоналдар менен камсыздоо: жардам берүүчү кызматкерлерди ишке алуу, жөнөкөйлөтүлүп, байланыш кылбай иштөөгө окутуу;

· Бюджет менен камсыздоо: бюджеттен жана резервдик фонддон бөлүү;

· Эпидемияга каршы каражаттар менен камсыздоо: акыркы шайлоодогу шайлоочулардын санына жараша массалык сатып алуулар;

· Бирге аракеттене турган мекемелердин кызматташтыгы боюнча система түзүү;

· Жарандарга маалымат жеткирүү: “Улуттук жыйындын 21-чакырылышына шайлоолордун жүрүшүндөгү жарандардын жүрүм-турум эрежелери”.

Добуш берүү алгоритми:

· Биринчи кезекте шайлоо участогуна кире бериш жерде бардык шайлоочулардын температурасы текшерилет. Температурасы 37,5℃ болгон жана башка симпомдору бар шайлоочулар добуш берүү үчүн убактылуу кабиналарга барышкан.

· Шайлоо участогуна кирүү алдында шайлоочу колун дезинфекциялап жана колуна бир жолку перчаткаларды кийген.

· Шайлоочулар маскаларын убактылуу алып, ким экендиги текшерилгенден кийин шайлоо бюллетендерин алышкан.

· Шайлоо кабинетинде бюллетенин толтургандан кийин шайлоочу бюллетенди шайлоо урнасына таштаган.

· Бир жолку перчаткасын атайын коюлган таштанды челекке ыргыткандан кийин шайлоо участогунан чыгып кеткен.

· Шайлоо участокторунун кызматкерлери добуш берүүнүн жүрүшүндө колдонулуучу бардык нерселерди регулярдуу түрдө дезинфекция жасап, имаратты желдетип турушкан.

Белгилүү болгондой, Түштүк Кореяда шайлоого катышуу акыркы 28 жылдагыга салыштырганда абдан жогору болгон. Эки жумадан кийин берилген бааларга караганда, алдын ала жасалган чаралардын натыйжалуу болгондугунан улам, шайлоо коопсуз болгон. Ушул убакыт ичинде өлкө боюнча оорунун болгону 14 учуру ачыкка чыккан. 

КР БШК төрагасынын орунбасары А. Бегматов кесиптештерине 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүүдө шайлоонун бардык этаптарындагы коопсуздук боюнча алгоритмдерди түзүп жатышкандыгы боюнча маалымат берди. Азыркы учурда партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүп жатышат. КР Боршайкому сьезддерди өткөрүүдө дистанциялык формаларды максималдуу колдонууга,  же болбосо иш-чараларды социалдык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын камсыз кылуу менен өткөрүү сунуштарын берип жатат.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

 










Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>