Башкы Жаңылыктар Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспоралары БШК менен 2020-жылдын 4-октябрындагы …

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспоралары БШК менен 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоолорго катышууну талкуулап жатышат

15-Июл, 2020

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспораларынын өкүлдөрү менен, 2020-жылдын 4-октябрындагы КР Жогорку Кеңешине шайлоолорго катышууну даярдоо алкагында онлайн-жолугушууларды өткөрөт.

Жолугушуулар парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү, шайлоонун учурдагы этаптары, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган шайлоочулардын добуш берүүлөргө катышуусунун укуктук жана техникалык аспектилери тууралуу маселелерди талкуулоо, пикир алмашуу максатында өткөрүлөт.  

15-июлда болуп өткөн кезектеги жолугушууга Россия Федерациясындагы, Казакстандагы, жана Түркиядагы кыргызстандыктардын диаспораларынын өкүлдөрү, КР БШК төрайымы Н. К. Шайлдабекова, Бишкек территориялык шайлоо комиссиясынын (ТШК) төрагасы К. А. Маматов, КР Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Миграция боюнча эл аралык уюмдан Бермет Молдобаева жана БУУнун Өнүктүрүү программасынан Юлия Шипилова жана башкалар катышты. 

БШК төрайымы Н. К. Шайлдабекова чет өлкөлөрдө добуш берүүлөрдү уюштуруу үчүн Бишкек территориялык шайлоо комиссиясы тарабынан 42 шайлоо участогу түзүлүп, алардын ичинен Россиянын Иркутск, Якутск, Южный-Сахалин жана Сургут шаарларында 4 жаңы участок уюшулганы боюнча маалымат берди.  

Шайлоого катышууну каалаган жарандар 26-июлдан 19-сентябрга чейин шайлоо комиссиясынын участогуна шайлоочулардын тизмесине кошуу боюнча арыз менен кайрыла алышат, же болбосо “Тизме” порталындагы шайлоочунун кабинети аркылуу электрондук форматта да кайрылышса болот. Шайлоочулардын тизмеси боюнча бардык маалымат  tizme.gov.kg. шайлоочулардын порталында жеткиликтүү. 

Мекендештерге кайрылган Бишкек ТШКнын төрагасы К. А. Маматов  “Эми шайлоо комиссияларын түзүү зарыл” – деп билдирди. Ал мекендештерге өз өкүлдөрүн шайлоо комиссияларынын курамына активдүү кошуу жана Бишкек ТШКга дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу же түз эле өз сунуштарын 24-июлга чейин жиберүүлөрү боюнча кайрылды. Комиссиялар түзүлгөн соң окутуучу иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлөт.  

Жыйынга катышуучулар тарабынан шайлоо комиссияларынын курамдарына чет өлкөлөрдөгү жарандардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүн кошуу сунуштары айтылды, мындай сунуштарды БШК жана Бишкек ТШК жетекчилери колдой тургандыгын билдиришти.

Чет өлкөлөрдөгү жарандарга маалымат берүү жана алардын суроолоруна жооп берүү үчүн кампаниянын жүрүшүндө акысыз түз байланыш уюштурулат, ошондой эле партиялар тууралуу маалыматтык ресурстар talapker.kg. баракчасында, чет өлкөлөрдө добуш берүүнүн шарттары тууралуу жакында ишке киргизиле турган mekendesh.shailoo.kg сайтында маалыматтар берилет.

Ушундай мүмкүнчүлүк КР Боршайкомунун БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Миграция боюнча эл аралык уюм менен кызматташып ишке ашырып жаткан Кыргыз Республикасындагы шайлоого жардам берүү программасына ылайык пайда болду.  
Чет өлкөлөрдө жашаган же ошол жактарда жүргөн жарандарга маалымат берүү үчүн түзүлгөн аянтча, шайлоо процесстери боюнча маанилүү маалыматтарды Кыргызстандан сыртта жүргөн шайлоочуларга түз жана ыкчам жеткирүүгө мүмкүндүк берет.   
Кыргыз Республикасындагы 2020-2021-жылдардагы шайлоолорду колдоо боюнча программа Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан КР БШКсы менен кызматташтыкта Япониянын, Германиянын жана Швейцариянын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Программанын ишке ашуусуна жоопкер тарап болуп, көпчүлүгү Россия Федерациясында жана Казакстанда жашаган мигранттардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча программанын компонентин ишке ашырып жаткан Миграция боюнча эл аралык уюм (МОМ) да эсептелет. 





 

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>