Башкы Жаңылыктар Боршайком чет өлкөлөрдө 42 шайлоо участокторунун түзүлүшүн бекитти, …

Боршайком чет өлкөлөрдө 42 шайлоо участокторунун түзүлүшүн бекитти, дагы экөө макулдашууда

15-Июл, 2020

Бүгүн, 15-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында, 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого өлкөдөн тышкары  аймактарда добуш берүүлөрдү уюштуруу үчүн шайлоо участокторун түзүү жөнүндөгү Бишкек территориялык шайлоо комиссиясынын чечими бекитилди.

Ушул этапта Кыргыз Республикасынын өлкөдөн тышкары жашап же иштеп жүрүшкөн жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча, бардыгы 42 шайлоо участоктору бекитилди (тизме тиркелет).

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын талаптары боюнча, шайлоо участоктору Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча жана аккредитация болгон мамлекеттердин макулдугу менен, чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик мекемелердин аймактарында  уюштурулат.

Боршайкомдун жыйынында КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат боюнча департаментинин директору А. Имангазиев билдиргендей, Кыргыз Республикасынын РФдагы элчилигинин төрт канцеляриясы биринчи жолу Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск, Якутск шаарларында ачылып, аларда КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча шайлоо участоктору ачылат.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын көп сандаган жарандары жашап иштеп жүрүшкөндүгүнө байланыштуу дагы эки шайлоо участокторун Рим жана Париж шаарларында ачуу, аккредитация болгон мамлекеттердин макулдашуусунда турат. 

Конституциялык мыйзамда бир имаратта эки же андан көп шайлоо учактоктору түзүлсө боло тургандыгы каралган. Ушул негиз менен Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинде, Москва шаарында эки шайлоо участогу ачылат.

Бишкек территориялык шайлоо комиссиясынын төрагасы К. А. Маматов эми чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамын түзүү керектигин белгиледи.

Бишкек территориялык шайлоо комиссиясы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга, коомдук бирикмелерге, саясый партияларга участоктордогу шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча кайрылат. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынан тышкары жашап жүргөн жарандардын, коомдук уюмдардын, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн, дипломатиялык жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин эсебинен түзүлөт.

КР Боршайкомунун маалыматтык бөлүмү

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого добуш берүүнү уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынан тышкары шайлоо участокторунун тизмеси

 

№ п/п

№ ШКУ

Чет өлкөдөгү мекеме

Дареги

  1.  
  2.  

9001,

9005

Россия Федерациясындагы КР элчилиги

 Москва ш, Большая Ордынка  к 64.       

  1.  

9009

Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугу

Екатеринбург ш, Щорс к 54а, офис 5.

  1.  

9010

Новосибирск шаарындагы КР Башкы консулдугу

Новосибирск ш,  Крылов к 64/1.

  1.  

9002

КРнын РФдагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы

Санкт-Петербург ш, Чехов к, ү. 14 б лит А, пом.2Н.

  1.  

9004

КРнын РФдагы элчилигинин Владивосток шаарындагы канцеляриясы

Владивосток ш, Алеутская к, 15 “В”, офис 402.

  1.  

9003

КРнын РФдагы элчилигинин Красноярск шаарындагы канцеляриясы

Красноярск ш, проспект Мира 132.

  1.  

9022

КРнынУкраинадагы элчилиги

Киев ш, Печерский р-н, пер. Редутный 19/34.

  1.  

9023

КРнын Беларусь Республикасындагы элчилиги

Минск ш, Старовиленская  к,57.

  1.  

9028

КРнын Казахстан Республикасындагы элчилиги

Нур-Султан ш, Дипломатиялык шаарча В-5, Кунаев к 1.

  1.  

9027

КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу

Алматы ш, Луганск к, 30 "А".

  1.  

9025

КРнын Өзбекистан Республикасындагы элчилиги

Ташкент ш, Мирзо-Улугбек району, Ниёзбекйули к, 6 проезд, үй 30.

  1.  

9024

 КРнын Тажикистан Республикасындагы элчилиги

Душанбе ш, Саид Носиров к, 56 а.

  1.  

9011

КРнын Түркмөнстандагы элчилиги

Ашхабат ш, Гарашсызлыкшаелы, ү. 17.

  1.  

9012

КРнын Азербайджан Республикасындагы элчилиги

Баку ш, Башир Сафарли к,133 (Бизнес центр «SatPlaza», 16-кабат)

  1.  

9034

КРнын АКШдагы жана Канададагы элчилиги

2360 Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008.

  1.  

9038

КРнын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчилиги

Ascot House, 119 Crawford str., London, W1U 6BJ

  1.  

9039

КРнын Швейцариядагы элчилиги

AvenueBlanc 51, 1202 Geneve

  1.  

9037

КРнын Бельгиядагы элчилиги

Rue de l`Abbaye 47, 1050 Bruxelles

  1.  

9032

КРнын Австрия Республикасындагы элчилиги

Invalidenstrasse 3/8, 1030 Wien

  1.  

9029

КРнын ФРГдагы элчилиги

Берлин ш.)

Otto-Suhr-Allee 146, 10585 Berlin.

  1.  

9030

Франкфурттагы-Майне шаарындагы консулдук агенттик

Broennerstrasse 20, 60313 Frankfurt am Main .

  1.  

9031

КРнын ФРГдагы элчилигинин Бонндогу бөлүмү

Aennchenstrasse 61, 53177 Bonn.

  1.  

9036

КРнын Түркия Республикасындагы элчилиги

Turan Gunes Bulvari, Galip Erdemcaddesi 25, Yildiz/Oran, Ankara 06450.

  1.  

9035

КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу

Lamartin Caddesi No:7, Taksim, 34437 Beyoğlu, İstanbul.

  1.  

9040

КРнын КЭРдеги элчилиги

г.Пекин, 10/11 King's Villas 18, Xiaun Road, 100016 г.

  1.  

9041

КРнын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугу

г.Гуанчжоу, район Тяньхэ, Тяньхэлу 228, Гуаншэн имараты, к. 707.

  1.  

9019

КРнын Япониядагы

элчилиги

108-0073, г. Токио, Минато-ку, 1-5-7 Мита.

  1.  

9042

КРнын Корея Республикасындагы элчилиги

г. Сеул, Йонгсан-гу, Собингго-ро 91 лагиль 16-10 (Донгбингго-донг 28-17).

  1.  

9008

КРнын Индия Республикасындагы элчилиги

Д 2/2, ВасантВихар, г.Нью-Дели-110057.

  1.  

9048

КРнын Малайзиядагы элчилиги

10-кабат, WismaSinHeapLee, 346 JalanTunRazak, 50400 Куала-Лумпур ш.

  1.  

9045

КРнын Сауд Арабиясы королдугундагы элчилиги

6575 Amr Al Damri Street - Assafarat Dist. RIYADH 12511 - 3562 Kingdom of Saudi Arabia

  1.  

9046

КРнын Кувейт Мамлекетиндеги элчилиги

Кувейт  ш, район Сурра, Блок 6, 13-көчө, Вилла -34.

  1.  

9050

КРнын Катар Мамлекетиндеги элчилиги

Доха ш, Лежбайлат-64, Вилла №7,  №963 көчө.

  1.  

9051

КРнын БАЭдагы элчилиги

Bayn Al Jesrain, Villa 5, Qaryat Al BeriАбу-Даби.

  1.  

9044

КРнын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу

Дубай ш, Дейра, район Ригга Аль Бутеен, Грин Тауэр имараты, офис № 302.

  1.  

9043

КРнын Иран Ислам  Республикасындагы элчилиги

Тегеран ш, Пасдаран /Наренджестан  к, 5,  № 24 үй, почта индекси 19579-35611.

  1.  

9049

КРнын Пакистан Ислам Республикасындагы элчилиги

Исламабад г, №12, 33-көчө. сектор F-8/1.

 

 

 

Биринчи жолу добуш берүү уюштурулуп жаткан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин тизмеси

 

 

№

№ ШКУ

Чет өлкөдөгү мекеме

Шаар

  1.  

9007

КРнын РФдагы элчилигинин Иркутск шаарындагы канцеляриясы

Иркутск

  1.  

9006

КРнын РФдагы элчилигинин Якутск шаарындагы канцеляриясы

Якутск

  1.  

9013

КРнын РФдагы элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы канцеляриясы

Южно-Сахалинск

  1.  

9014

КРнын РФдагы элчилигинин Сургут шаарындагы канцеляриясы

Сургут

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>