«Ата-Мекен» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

05 июля 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳнүндѳ «Ата-Мекен» саясий партиясынын жетекчиси  Ө.Текебаев кол койгон кабарлама келип түштү.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Абдикеримов Ильязбек Чидербековичти, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Кулжанова Динара Кувайбековнаны дайындаган.

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

КР БШК маалымат бѳлүмү.