Башкы Жаңылыктар Түштүк Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясы COVID-19 пандемиясы мезгилинде …

Түштүк Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясы COVID-19 пандемиясы мезгилинде шайлоолорду уюштуруунун тажрыйбасы менен бөлүштү

03-Июн, 2020

15-апрелде парламенттик шайлоону өткөргөн Корея Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясы (NEC ROK) Бүткүл дүйнөлүк шайлоо органдарынын ассоциациясы (A-WEB) тарабынан Эл аралык демократия жана шайлоого көмөк көрсөтүү институту (International IDEA) менен биргеликте 3-июнда уюштурган вебинарда COVID-19 пандемиясы мезгилинде шайлоону уюштуруудагы тажрыйба жөнүндө айтып берди.

Вебинарга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кызматкерлери катышты. Белгилей кетсек, Кыргызстанда мыйзамдарга ылайык, 2020-жылы Жогорку Кеңешке жана 30 жергиликтүү кеңештерге, анын ичинде Ош, Майлуу-Суу, Каракол, Токмок жана Балыкчы шаарларынын кеңештеринде шайлоо өтүүгө тийиш.

Онлайн-семинарга ошондой эле Боливиянын шайлоо сотунун президенти Сальвадор Ромеро жана Колумбиянын Улуттук шайлоо кеңешинин төрагасы Александр Вега Роча  катышты.

Өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө A-WEBтин башкы катчысы Джунхён Чо шайлоолор демократиянын негизи экендигин, ошондуктан шайлоо эпидемия учурунда да өткөрүлүшү зарыл экендигин белгиледи. «COVID-19 бүтүндой адамзатка таасирин тийгизди жана шайлоо чөйрөсү четте калбайт, анткени дүйнө жүзүндөгү көптөгөн шайлоолор убактылуу токтотулуп, атүгүл жокко чыгарылды. Мени, A-WEBтин башкы катчысы катары, шайлоо өткөрүү органдары туш болгон кыйынчылыктар тынчсыздандырат. Бүгүнкү семинардын максаты - көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды биргелешип чечүүнүн жолдорун табуу. Кореянын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону апрель айында өткөрдү жана мен алардын тажрыйбасы шайлоолорду уюштуруучулары үчүн баалуу болот деп эсептеймин», - деди ал.

Түштүк Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Йосуп Юн, Юнки Чо, Джоо Хён Лим жалпы улуттук парламенттик шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө превентивдүү чаралары жөнүндө кеңири айтып беришти. Алардын айтымында, 2020-жылдын 15-апрели өлкө боюнча атайын дем алыш күнү деп жарыяланган. Бийлик добуш берүүнү уюштуруу үчүн 550 миң адамды ишке тарткан. Алар 14000 шайлоо участкаларын дезинфекциялап, шайлоочуларга социалдык аралыкты сактоо үчүн жерге белгилерди чийишти.

«Адамдар шайлоо участокторуна беткап жана кол кап кийип келишкен. Жеке коргонуу каражаттары жокторго кире бериштен беткап менен кол кап берилген. Кабиналарга кезек күтүп туруу учурунда бир метрден кем эмес аралыкты сактоо талабы коюлду. Кире бериште келген шайлоочулардын колдоруна дезинфектор менен вируска каршы суюктук чачып, дене табын ченешти. Эгерде кимдир бирөөнүн дене табы 37,5 градустан жогору болсо, анда андай адамдар өзүнчө кабинага киргизилди. Кабиналар ар бир келген адамдан кийин дезинфекцияланды», - деди Корея Республикасынын шайлоо комиссиясынын өкүлү.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү, анын ичинде почта аркылуу добуш берүү уюштурулган. Бир нече күн бою добуш берүүгөө мүмкүндүк болду. Бул укуктан бардык шайлоочулардын чейрегинен көбү пайдаланышты.

Карантинде болгондор, бирок жеке добуш берүү ниетин билдиргендердин бардыгы шайлоо участокторуна санитардык шарттарды бекем сактоо менен келип, добуш бере алышты. Алар атайын тутум аркылуу каттоодон өтүп, чыгууга уруксат алуу менен, GPS күйүп турган кол телефонду алып жүрүү милдеттүү болушкан.

Аларга шайлоо күнү саат 17:20дан 19.00гө чейин гана үйлөрүнөн чыгууга мүмкүндүк болгон. Коомдук транспортту колдонууга тыюу салынгандыгынан алар жөө же өз авто унаалары менен бара алышкан. Андай шайлоочулар үйүнө кайтып келгенде, саламаттыкты сактоо системасынын өкүлдөрүн чакырууга туура келген, болбосо полиция аларды издей баштамак. Оорулуу адамдар менен байланышкан адамдар үчүн шайлоо үкөктөрүнө бюллетендерди коргоочу костюмдарды кийген шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү салышкан.

COVID-19 оорусу тастыкталган шайлоочулар үчүн өзүнчө участоктор түзүлгөн. Алар ооруканалардын жанына жайгаштырылган.

Шайлоого катышкан партиялар ар түрдүү үгүт иштерин жүргүзүштү. Алар жеке визиттик карточкаларын таратып, плакаттарды илишти, дебаттарга катышып, социалдык тармактарда иштешти.

«Добуш берүү адаттагыдан көп убакытты жана күч аракеттерди талап кылгандыгына карабастан, шайлоочулар демократия үчүн аркандай ыңгайсыздыктарга даяр болушту. Андыктан шайлоого келишкендердин саны акыркы 28 жылдын ичинде эң жогору болду. Шайлоонун коопсуз өткөндүгүнө эки жумадан кийин баа берилиши мүмкүн эле. Ушул убакыт аралыгында өлкө боюнча 14төн ашпаган оорулуу аныкталган», - деп билдиришти Түштүк Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү.

Видео – Covid-19 пандемиясынын убагында Корея Республикасынын шайлоону уюштуруу тажрыйбасы боюнча вебинар 

Видео -  Пандемия убагында Түштүк Кореяда шайлоо кандай өттү
 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>