Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчылары шайланды
26 марта 2012
2012-жылдын 23-24-мартында айрым айылдык аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.
Айыл өкмөт башчыларын шайлоо Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан “Кыргыз Республикасынын шайлоо референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн
2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык дайындалган.
2012-жылдын 23-24-мартына дайындалган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчыларын шайлоонун жыйынтыгы бул жерде.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
