БШКнын тѳрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов ЖМКда шайлоо процессин чагылдыруунун ѳзгѳчѳлүктѳрү жѳнүндѳ айтып берди

12 марта 2020

Борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасынын орун басары  Абдыжапар Бекматов мамлекеттик органдардын, ЖМК жана жарандык коомдун ѳкүлдүрү менен болгон координациялык жолугушууга катышты.

            ОБСЕнин программалык офисинин колдоосунда Кыргыз Респуликасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникация  департаменти тарабынан уюштурулган иш-чарага бийликтин мамлекеттик жана жергиликтүү органдарынын, аймактык ЖМКнын жана эл аралык уюмдардын 40тан ашык ѳкүлдѳрү катышты.

            Борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов  журналисттерге Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы жаңылыктар, ЖМКда шайлоо процессин чагылдыруунун ѳзгѳчѳлүктѳрү жѳнүндѳ айтып берди.

            Жолугушууга ошондой эле КР ИИМ СПЭНМ киберэкстремизмге каршы аракеттенүү боюнча бѳлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Ратбек Турусбеков, КР Дин боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Factcheck.Kg порталынын башкы редактору Болот Темиров катышты.

            Зайырбек Эргешов диний чѳйрѳдѳ жүргүзүлүп жаткан   Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасынын  алкагында радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу темасында ЖМК ѳкүлдѳрүнѳ маалымат берди.

            Ратбек Турусбеков Кыргызстанда киберэкстремизмдин жайылтылышына  жана интернет айдыңында диний каршылашууга каршы аракеттенүү жана душмандашып жаатташунун жайылышына жол бербѳѳ темасында катышуучуларга баяндама жасады.

            Өз кезегинде Болот Темиров чогулгандарга шайлоо алдындагы мезгилде башка ѳлкѳлѳрдүн тажырбасы тууралуу баяндоо менен, «Фактылардын жана маалыматтардын верификациясынын онлайн-ѳбѳлгѳсү» темасында журналисттер үчүн интерактивдүү тренинг ѳткѳрдү.

            Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча бийликтин мамлекеттик жана жергиликтүү органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык сектордун бирге кызматташуусу боюнча макулдашууга жетишилди.

            Кыргызстанда 2020-жылдын 12-апрелинде  Чүй, Ысык-Кѳл, Ош, Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын 25 айылдык кеңештеринин жана 5 шаардык кеңештердин (Ош, Майлуу-Суу, Балыкчы, Каракол, Токмок) депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлѳрүн белгилейбиз.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү