Башкы Жаңылыктар Календарный план основных организационно - практических мероприятий по …

Календарный план основных организационно - практических мероприятий по подготовке и проведению выборов депутатов местных кенешей Ошской и Нарынской областей Кыргызской Республики, назначенных на 6 мая 2012 года

15-Мар, 2012

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2012-жылдын 13-мартындагы

№ 41 токтому менен бекитилген

           

Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын

КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ

 Шайлоо күнү – жекшемби,

2012-жылдын 6-майы

 

№

Иш-чаралардын мазмуну

Аткаруу    мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү

1.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү

Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен

 (2012-жылдын
17-мартына чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары  боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен

 («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы (мындан ары-Мыйзам) 10-беренесинин 4,5-бөлүктөрү)

2.

ММКларда шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларынын жарыялоо

Аларды бекиткен  күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен

 (2012-жылдын
21-мартына чейин)

 Борбордук шайлоо комиссиясы

(Мыйзам 10-беренесинин
6-бөлүгү)

3.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү

Добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен

 (2012-жылдын
22-мартына чейин)

 Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча

(Мыйзам 11-беренесинин
2,3-бөлүктөрү)

4.

ММКларда шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын жарыялоо

Аларды бекиткен  күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен

 (2012-жылдын
26-мартына чейин)

 Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 11-беренесинин 3-бөлүгү)

5.

Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана алардын резервдери үчүн семинарларды өткөрүү

Өзүнчө план жана график боюнча

 

 Борбордук шайлоо комиссиясы, Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары

6.

Шайлоо процессине катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүн үчүн семинарларды өткөрүү

Өзүнчө план жана график боюнча

Борбордук шайлоо комиссиясы, Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары 

 

Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө

7.

Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүү жана тактоо

 

Шайлоо дайындалган күндөн тартып

 

 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

(Мыйзам 12-берене)

8.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын негизги тизмесинен “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгаруу 

Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 12-беренесинин 3, 7-бөлүктөрү)

9.

Шайлоочулардын тизмелерин кагазга чыгаруу (2 нускада) жана бирден нускасын шайлоо участкаларына берүү (Тизмеге төрагалар кол коет жана аймактык шайлоо комиссияларынын мөөрү менен тастыкталат)

 

Добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен

 (2012-жылдын
27-мартына чейин)

 

 

 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 12-беренесинин 4-бөлүгү)

10.   

Шайлоочулар таанышып чыгышы үчүн тизмени илүү

 

Добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен

 

(2012-жылдын
27-мартына чейин)

 

 

 

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 13-беренесинин 1-бөлүгү)

11.   

Шайлоочулардын тизмесинде турган шайлоочуга  анын тизмеде бар экендиги жөнүндө билдирүү жиберүү

 

Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен

 

(2012-жылдын
6-апрелине чейин)

 

Участкалык шайлоо комиссиялары

 

(Мыйзам 13-беренесинин 2-бөлүгү)

12.   

Шайлоочулардын биротоло такталган тизмелерин түзүү жана номер коюлуп, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү коюлган шайлоочулардын тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү

(шайлоочулардын тизмелерин сөзсүз атайын кагазга чыгаруу)

 

Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен

 

(2012-жылдын
3-майына чейин)

 

Аймактык шайлоо комиссиясы

 

(Мыйзам 13-беренесинин 5-бөлүгү)

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо

13.   

Балыкчы шаардык кеңешине  талапкерлерди көрсөтүү

Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт

 

(2012-жылдын
5-апрелинин саат 24.00гө  чейин)

 

 

Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын тобу

 

 (Мыйзам 49-беренесинин 1-бөлүгү)

14.   

Талапкердин тизмесин каттоо үчүн керектүү шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен

 

(2012-жылдын
5-апрелинин саат 24.00гө  чейин)

Саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

(Мыйзам 53-беренесинин 1-бөлүгү)

15.   

Талапкерлердин тизмесин көрсөтүүнүн тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын талаптарына шайкеш келишин текшерүү

Документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы

(Мыйзам 53-беренесинин 4-бөлүгү)

16.   

Талапкерлердин тизмесин каттоо

Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 календардык күн калганда аяктайт

(2012-жылдын 15-апрелинин саат 24.00гө  чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы

(Мыйзам 53-беренесинин 6-бөлүгү)

17.   

Саясий партиялардын аталышын, шайлоочулардын топторун, ошондой эле саясий партиялардан, шайлоочулардын топторунан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялоо

Каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы

(Мыйзам 53-беренесинин 11-бөлүгү)

18.   

Катталган күнүн көрсөтүү менен талапкерлерге тиешелүү күбөлүк берүү

Талапкерлердин тизмесин каттаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы

(Мыйзам 53-беренесинин 12-бөлүгү)

19.   

Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртып алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу

 

Шайлоо күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен

(2012-жылдын
2-майынын саат 24.00гө  чейин)

Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу

(Мыйзам 54-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү)

20.   

Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулар тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо аларга күбөлүк тапшырууже каттоону жүйөөлүү четке кагуу

Керектүү документтер түшкөн күндөн 2 календардык күн ичинде.

 

 

Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзамдын 21-беренесинин
3-бөлүгү)

21.   

Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун ишенимдүү адамдарына күбөлүктөрдү тапшыруу же каттоодон жүйөлүү баш тартуу

Талапкердин, саясий партиянын же шайлоочулардын тобунун жана жарандын ишенимдүү адамга макулдугу жөнүндө кат жүзүндө арызынын негизинде талапкерди каттоодон кийин

 

Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзамдын 18-беренесинин 2-бөлүгү)

22

Маалыматтык камсыздоо, шайлоочуларга маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт

 

 

Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык (Мыйзам 22-беренесинин 1,2-бөлүктөрү)

23

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү

Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат

Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу

(Мыйзам 23-беренесинин 1-бөлүгү)

24

Чогулуштарды, жарандар менен жолугушууларды, жалпынын алдында дискуссияларды жана дебаттарды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо

Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин

 

Аймактык шайлоо комиссиялары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте

(Мыйзам 26-беренесинин 1-бөлүгү)

25

Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басма  үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жайларды бөлүү жана жасалгалоо

Шайлоо дайындалгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

(Мыйзам 27-беренесинин 3-бөлүгү)

Шайлоолорду каржылоо

26

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын кароо жана бекитүү

Шайлоо дайындалгандан кийин

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

27

Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, шайлоочулар тобу тарабынан шайлоо фондун түзүү

Финансылык маселелер боюнча саясий партиянын, шайлоочулар тобунун ыйгарым укуктуу өкүлүн шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 5 календардык күндүн ичинде

Саясий партия, шайлоочулар тобу

(Мыйзам 15-беренесинин 1-бөлүгү)

28

Шайлоо фондун түзүү үчүн талапкер тарабынан банкта атайын эсеп түзүү

 Талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди бергенге чейин

Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

 (Мыйзам 15-беренесинин 1-бөлүгү)

29

Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу тарабынан каражаттарды түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо

Шайлоо фондун түзгөн күндөн тартып

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 7 адамдан ашпаган санда контролдук-текшерүү тобу

 

(Мыйзам 16-беренесинин 1-бөлүгү)

30

Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоого контрол

 

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 7 адамдан ашпаган санда контролдук-текшерүү тобу

 

(Мыйзам 16-беренесинин 2-бөлүгү)

31

Шайлоо фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана булактары, ошондой эле каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына отчетторду берүү  

Шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен

(2012-жылдын
17-майына чейин)

 

Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу

(Мыйзам 15-беренесинин 19-бөлүгү)

Шайлоо бюллетендерин даярдоонун жана участкалык шайлоо комиссияларына берүүнүн тартиби

32

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасын, коргоо даражасын жана даярдоонун тартибин бекитүү

Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен

 (2012-жылдын
16-апрелине чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы

 

 (Мыйзам 30-беренесинин 1-бөлүгү)

33

Шайлоо бюллетенинин текстин жана формасын бекитүү

Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен

 (2012-жылдын
16-апрелине чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам 30-беренесинин 3-бөлүгү)

34

ММК же башка ыкма аркылуу добуш берүүнүн убактысы жана жайы тууралуу шайлоочуларга кабарлоо

Добуш берүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктербестен

(бүткүл мезгил ичинде)

(2012-жылдын
26-апрелине чейин)

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 31-беренесинин 1-бөлүгү)

35

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо

Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн мурда.

(2012-жылдын
26-апрелине чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы

 

 (Мыйзам 30-беренесинин 8-бөлүгү)

36

Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн мурда, ал эми кайталап добуш берген учурда   добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн мурда

(2012-жылдын
26-апрелине чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы

 

 (Мыйзам 30-беренесинин 13-бөлүгү)

37

Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу

Добуш берүү күнүнө чейин 2-1 календардык күн мурда

 

Тиешелүү шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам 30-беренесинин 13-бөлүгү)

Добуш берүү жана натыйжаларын аныктоо

38

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү

 Добуш берүү күнүнө чейин 9-1 календардык күн мурда

(2012-жылдын
27-апрелинен
5-майына  чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы

 (Мыйзам 32-беренесинин 1-бөлүгү)

39

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү

 Добуш берүү күнүнө чейин бир гана календардык күн мурда

(шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын же оозеки кайрылуусунун негизинде гана)

Участкалык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам 33-беренесинин 2-бөлүгү)

40

Добуш берүүнү өткөрүү

2012-жылдын
6-майында саат 8.00дөн 19.00гө чейин

 Участкалык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам 31-берене)

41

Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду түзүү

Добуш берүү бүткөндөн кийин дароо башталат (жыйынтыгы аныкталганга чейин тыныгуусуз жүргүзүлөт)

 Участкалык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам 36-берене)

42

Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун Борбордук шайлоо комиссиясына факс аркылуу берүү

Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз

Участкалык шайлоо комиссиялары

43

Тиешелүү шайлоо документтери менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жиберүү

Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз

 Участкалык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам 37-беренесинин 1-бөлүгү)

44

Округдун аймагында добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын жыйынтык таблицасынын биринчи нускасы менен чогуу Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүү 

Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин токтоосуз жана добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен

(2012-жылдын 27-майына чейин)

Аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам 37,38-беренелер, 1,4-бөлүктөрү)

45

Шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий түрдө жарыялоо

Шайлоонун жыйынтыгы аныкталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде

 

Борбордук шайлоо комиссиясы

(Мыйзам 40-беренесинин 4-бөлүгү)

46

Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү

Шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө

Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган талапкер

(Мыйзам 51-беренесинин 1-бөлүгү)

47

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү

Шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 

(Мыйзам 51-беренесинин 2-бөлүгү)

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>