КР БШК КР ЖК депутатынын мандатын Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичке өткөрүп берди
27 декабря 2019
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Шыкмаматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу мандат депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүк боюнча кийинки талапкер Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичке өткөрүп берилди.
2019-жылы 27-декабрда КР БШК “Ата-Мекен” саясый партиясынын тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ыйгарым укуктарын өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты бар болгонуна байланыштуу КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын “Ата-Мекен” саясый партиясынан бош калган мандатын Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичке өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.