Башкы Жаңылыктар Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата: Кыргызстандын …

Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата: Кыргызстандын шайлоо процессиндеги коррупцияга каршы чаралар

09-Дек, 2019

2019-жылдын 9-декабры – Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү, бул – 170тен ашык мамлекет өздөрүнө мыйзамдар, мамлекеттик институттар жана укук колдонуу тармагында коррупцияга каршы чараларды жайылтуу боюнча милдеттенмелерди алган күн.

Шайлоо тутумун реформалоо процессинде КР БШК тарабынан  шайлоо процессинде коррупциянын негиздерин жокко чыгаруучу коррупцияга каршы күрөштүн кеңири комплекси жүргүзүлдү.

1. Шайлоо процессине жаңы технологияларды – кол менен саноону контролдоонун инструменти катары шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча иденттештирүү жана автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) тутуму, ошондой эле добуш берүүнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын чыгаруунун жүрүшүндө бир катар негизги жол-жоболорду жөнгө салуу Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүү учурунда айкындуулукка жана аныктыкка жетүүгө мүмкүнчүлүк берди, ошондой эле добуш берүүгө катышуу жана добуштарды саноо боюнча бурмалоолорду жокко чыгарууга өбөлгө түздү.

2. Шайлоонун аныктыгы, айкындуулугу, атаандаштыгынын артуусу, жарандардын эрк-ниетин эркин билдирүүсү үчүн укуктук жана практикалык шарттардын жакшырышы шайлоо тутумун реформалоону жүргүзүүнүн учурдагы негизги натыйжалары болуп калды:

“бир шайлоочу – бир добуш” принциби ишке ашырылды, добуш берүүгө катышкандардын санын бурмалоо мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды (шайлоочулардын тизмесин түзүү ачык-айкын жүргүзүлгөндүктөн жана шайлоочулар иденттештирүүдөн өткөндүктөн, “карусель” ыкмасы мүмкүн болбой калды, бюллетендерди дүңүнөн салууну жашырылышы мүмкүн эмес),

Тышкы контролдонун жана добуштарды саноо боюнча шайлоо комиссияларынын аракеттерин талдоонун инструменттерин кеңейтүүдөн улам добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноонун аныктыгы жана толук  айкындуулугу реалдуулукка айланды: АЭУ жана кол менен саноонун жыйынтыктарын салыштыруунун мүмкүнчүлүгү, кол менен саноо аяктаар замат ар бир участоктон кол менен саноонун протоколдорунун графикалык скан-көчүрмөлөрүн жана КРӨ караштуу МККнын шайлоочуларды иденттештирүү жөнүндө отчётторунун көчүрмөлөрүн сайтка жөнөтүү жана чагылдыруу добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоону болтурбай коёт.

 участоктордогу АЭУлардан жыйынтыктарды КР БШКнын серверине көз ирмемде контактысыз жөнөтүү жана участоктордон добуш берүүнүн кол менен саналган жыйынтыктарын серверде автоматтык түрдө кошуп чыгаруу, жарандык натыйжалуу контроль үчүн шарттарды түзүү (добуш берүүнүн жыйынтыктарын ыкчам жарыялоо жана УШК, АШКлардагы бардык байкоочуларды МККнын иденттештирүү жөнүндө отчётторунун көчүрмөлөрү, АЭУлардын жыйынтыктары жана УШК, АШКлардын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун көчүрмөлөрү менен камсыздоо аркылуу) мурда бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары кыянат пайдаланып келген добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо жана укук ченемсиз өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат б.а. шайлоону уюштуруучулардын коррупциялык аракеттеринин негиздерин жокко чыгарат.

3. Мындан тышкары, шайлоо комиссияларынын тутумунда коррупциялык аракеттердин негиздерин жоюу жана УШКлардын иш сапатын арттыруу үчүн УШК мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча төмөнкүдөй чаралар көрүлдү: ШК мүчөлөрүн окутуунун жаңы модулун иштеп чыгуу, кыска мөөнөттө окутуунун натыйжалуу каражаттарын пайдалануу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн өз убагында окутуу жана шайлоо комиссиялары менен кызыктыруучу жолугушууларды өткөрүү (мыйзамды ак ниеттик менен аткаруу жана жол-жоболорду бузгандык үчүн жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө).

БШКнын төмөн турган шайлоо комиссиялары менен натыйжалуу өз ара аракеттешүүсү жөнгө салынды. Эксперттер менен дайыма жолугушуулар, окутууну уюштуруу жана өткөрүү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн консультациялар (алыскы райондордогу ШКлар менен планшеттер аркылуу онлайн-режиминде) өлкөдөгү шайлоо мезгилинде өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү, участоктук комиссиялардын 98%ы добуш берүүнүн жана саноонун жол-жоболорун бузбай иштегени бул фактынын далили.

4. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн сатып алуу аракеттерин жокко чыгаруу, кадрлардын туруксуздугун төмөндөтүү максатында Мыйзам менен комиссия мүчөлөрүнө сый акы берүү тутуму киргизилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2017-жылдын 26-апрелиндеги №242 токтому менен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрү белгиленген, бул жаңы өзгөртүүлөр участоктук комиссиялардын кадрларынын туруксуздугун 2016-жылдын аягындагы 23%дан 2017-жылы августта 7%га чейин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле бул комиссия мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жана шыктануусун арттырган, комиссия мүчөлөрүнүн миссиясынын маанилүүлүгүн баса белгилөөчү коррупцияга каршы чара болуп калды, мамлекет тарабынан көрүлгөн бул чаралар дагы ушуга байланыштуу болду.

5. Шайлоодо Ыкчам чара көрүүчү координациялык топторду (мындан ары – ЫЧКТ) түзүү, бул топтордун максаты шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү жана көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга кабарлоо болуп саналат.

ЫЧКТ укук коргоо органдары, шайлоо комиссиялары, ЖМК, жарандык коом менен иш жүргүздү. Ал бузуулардын абалы жөнүндө жарандарга кабарлап турду, укук бузуулар жөнүндө түшкөн арыз, даттанууларга баа берип, аларды компетенциясына тиешелүү маселелерди карап, чечим чыгаруу кирген  тиешелүү укук коргоо органдарына ыкчам жөнөтүп турду.

Шайлоолорго даярдануу жана өткөрүү мезгилинде ЫЧКТ коопсуздукту жана тартипти камсыздоо, ошондой эле  шайлоочуларды сатып алууга, жарандардын шайлоо укуктарын бузуучу же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерге бөгөт коюу боюнча шашылыш чараларды көрдү.

Добуш берүү күнү ЫЧКТ укук бузууларга чара көрүү боюнча жалпы координацияны жүзөгө ашырды, шайлоо мыйзамдарын бузууларды ачууда жана четтетүүдө шайлоо комиссиялары жана компетенциялуу органдар менен өз ара тыгыз аракеттешти. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү убагында ЫЧКТга 166 арыз түштү.

2019-жылы 8-августта шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, алар шайлоолорго даярдануу жана өткөрүү учурунда шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирүүчү Ыкчам чара көрүүчү координациялык топторун түзүүнү бекитти.

Координациялык топтун негизги иш-милдеттери шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү жана көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарды маалымдоо болуп саналат.

6. Мыйзамда Борбордук шайлоо комиссиясынын Контролдоо-текшерүү тобунун (мындан ары – КТТ)  иши каралган, ал шайлоо процессинин мезгилинде шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунун, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, каражаттардын туура эсептелишин жана пайдаланылышын контролдукту, каржылык отчетторун текшерүүнү жүзөгө ашырат.

Мындан тышкары, ал топ шайлоолорду каржылоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик укуктук актыларынын шайлоо комиссиялары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сакталышын текшерүүнү, талапкерлердин, саясий партиялардын финансылык отчетторун текшерүүнү жана алардын адепки финансылык документтерге шайкештигин текшерүүнү, шайлоо аяктагандан кийин саясий партиялардын сарпталбай калган шайлоо фонддорунун акчалай каражаттарынын кайрылып берилишин көзөмөлдөөнү, шайлоо өнөктүгүн каржылоого тиешелүү маселелери боюнча ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда, банктарда жана башка насыялык-мекемелерде алардын менчик түрүнө карабастан, текшерүүлөрдү жүргүзөт.

7. Шайлоо процессин башкаруунун айкындуулугун арттыруу максатында даттанууларды жана шайлоо талаш-тартыштарын ачык, өз убагында, обьективдүү кароо боюнча чаралар көрүлдү.

2017-жылдан бери Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында даттануулардын жана кайрылуулардын Электрондук реестри иштөөдө. Реестрге шайлоонун жүрүшүндө түшкөн арыз, даттануулар,  шайлоо комиссиялары жана соттор тарабынан аларды кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар арыз, даттануулардын, кабыл алынган чечим, сот актыларынын  скан-көчүрмөлөрү көрсөтүлүү менен жайгаштырылат. Шайлоо процессинин катышуучулары онлайн-режимде арыз берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.

Арыз, даттануулардын Электрондук реестрин киргизүү тажрыйбасы 2019-жылы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында бекитилген, ошондой эле даттанууларды кароонун мөөнөттөрүн тактоо жагынан ченемдер киргизилип, бузуулар дифференцияланган.

8. 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясында каралган шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана аларды иденттештирүү боюнча иш-милдеттердин МККдан (аткаруучу адмведомство) БШКга (көз карандысыз орган) өтүшү  шайлоолорду көз карандысыз уюштурууну чыңдоонун маанилүү фактору болуп саналат.

9. Кыргыз Республикасынын БШК аппаратында БШКнын аппаратынын дараметин арттырууга, коррупциянын алдын алууга багытталган иш – коррупцияга каршы агартуу жана окутуу, ошондой эле мамлекеттик кызматта калыстыкты, коррупциялык көрүнүштөргө чыдабастыкты калыптандыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Семинар, тренингдер шайлоо процессинин субъектилеринин төмөнкү кеңири чөйрөсү үчүн дагы уюштурулду:

- Кыргыз Республикасынын саясый партияларынын өкүлдөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн шайлоо, каржы маселелери, шайлоо талаш-тартыштары боюнча;

- мамлекеттик жана региодук ЖМКлардын журналисттери үчүн шайлоо процессин чагылдыруу, кабарландыруунун жана үгүт иштеринин эрежелери жөнүндө;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин штабдарынын PR-кызматтары үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери жөнүндө;

- укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн “Укук коргоо органдарынын шайлоо убагында шайлоочуларды сатып алууга каршы аракеттенүү жана коопсуздукту камсыздоо боюнча өз ара аракеттешүүсү” деген темада.

10. Бирок шайлоо процессинде олуттуу иш жүргүзүүнү талап кылган коррупция тектүү мүнөздөгү бир катар факторлор орун ээлөөдө. Шайлоочуларды сатып алуу  шайлоодогу коррупциянын кыйла көп кездешкен латенттүү түрү болуп саналат.

Каршы аракеттенүүнү өркүндөтүү максатында 2019-жылдын январынан тартып, сатып алуу жеке айыптоо иштеринин категориясынан жеке-коомдук айыптоо кылмыштарынын категориясына мыйзам аркылуу которулган.

Учурда КР ЖК депутаттары тарабынан сатып алууга жана талапкерлигин көрсөтүү же шайлануу максатында администрациялык ресурсту укук ченемсиз пайдаланууга каршы санкциялардын натыйжалуулугун арттырууга багытталган мыйзам долбоору демилгеленди.

КР шайлоо тутумунда укук бузууларга каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-февралындагы №19 Жазык кодексинин “Адамдын саясий жана башка укуктарына каршы кылмыштар” деген 29-главасына жарандардын төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилигин күчөткөн ченемдер каралды:

- Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу, КР ЖК 191-берене;

- Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу, КР ЖК 192-берене;

- Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу, КР ЖК 193-берене;

- Шайлоо же референдум өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу, КР ЖК 194-берене;

- Шайлоо документтерин бурмалоо, КР ЖК 193-берене.

 Кыргызстандын шайлоо тутуму реформалоонун жана өлкөдө шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде ар кандай укук бузууларды жокко чыгаруу, шайлоо процессиндеги коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу жана алардын алдын алуу боюнча натыйжалуу тариздерди жана ыкмаларды изденүү процессинде турат.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>