Бишкекте аялдардын шайлоого жана шайланма органдарынын ишине жигердүү катышуусу боюнча чараларды талкуулашты

16 октября 2019

Бүгүн, 2019-жылы 16-октябрда аялдардын шайлоодо шайлоо укуктарын өркүндөтүү маселелери боюнча Коомдук диалог өттү. БУУ – Кыргызстандагы аялдар түзүмү менен биргеликте КР БШК уюштурган бул иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаттары – аял депутаттардын форумунун мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана гендердик теңчиликти алга жылдыруу чөйрөсүндө иштеген бейөкмөт уюмдардын башчылары катышты.

Коомдук диалогдун максаты 2018-жылы 13-августта Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин чечими менен жактырылган 2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жүзөгө ашыруу алкагында аялдардын өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна катышуусун жогорулатууга багытталган билим берүү, түшүндүрүү жана маалыматтык иш-чаралардын концепциясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн мындан аркы биргелешкен чараларды талкуулоо болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө өз презентациясында КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова шайланма органдарда жана шайланма органдардын башчыларынын арасында аялдардын өкүлчүлүгү төмөн экенин айтып, аялдардын шайлоого жана шайланма органдарга жигердүү катышуусу боюнча чараларды белгиледи.

Стратегияда каралган квоталарды коргоо, ошондой эле шайлоолордун бардык деңгээлдеринде квоталарды сактоо мамилелерин бирдейлештирүү механизмдери мыйзам чыгаруу деңгээлинде 2019-жылы 20-августта күчүнө кирген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу менен жүзөгө ашырылды, ал чаралар төмөнкүлөрдү карайт:

1) айылдык кеңештерде мандаттардын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтыруу;

2) депутаттын бош мандатын өткөрүп берүү тартиби бекитүүнү. Ал ылайык айылдык жана шаардык кеңештерде аял депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мандат кийинки аял талапкерге өткөрүлүп берилерин карайт.

Ошентип, пропорциялык (шаардык кеңештерде) жана мажоритардык (айылдык кеңештерде) тутумдарда квоталарды сактап калуу үчүн укуктук негиз түзүлдү.

Жогорку Кеңештин деңгээлинде квоталарды сактап калуу боюнча ченемдер “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына 2017-жылы 5-июнда киргизилген өзгөртүүлөрдө каралган. Бул ченемдер 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Аялдардын шайлоого катышуусун жигердетүү боюнча чаралар 4 этапка бөлүндү:

1-этап: Жаңы ченемдерди колдонуу: 2019-жылы 22-сентябрда “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы ченемдерин жана талаптарын колдонуу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо алгач ирет болуп өттү. Шайлоонун жүрүшүндө ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтыруу жол-жобосу колдонулду.

Катталган 79 талапкердин ичинен (67 талапкер өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жана 12  талапкер “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан) 63үн эркектер жана 16сын аялдар түздү. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Саруу айылдык кеңешинин 21 депутатынын мандатынын 9ун аял депутаттар алышты. 2019-жылы 4-октябрда Саруу айылдык кеңешинин биринчи сессиясында депутаттардын  көпчүлүк (21ден 12син) добушун алган Оморова Айнура Самыйбековна кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Мындан аркы аракеттердин планы мыйзамдарды кабыл алуу жана аларды аткаруу менен катар аялдардын шайлоого жана шайланма органдарына жигердүү катышуусу үчүн билим берүү, түшүндүрүү жана маалыматтык иш-чараларды дайыма өткөрүп турууну карайт. Чаралардын бул комплекси КР БШК тарабынан мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары, жарандык коомдун уюмдары, эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттешүү аркылуу жүзөгө ашырылмакчы. Билим берүү компоненти КР БШКнын Жарандык билим берүү борборунун программаларынын алкагында аткарылмакчы.

2-этап: Болжолдоолорго ылайык 2020-жылы апрелде 6 облуста – 25  айылдык жана 5 шаардык кеңеште өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө айылдык кеңештердеги 365 мандаттын 141и аялдар үчүн резервге калтырылат.

3-этап: 2020-жылы КР Жогорку Кеңештин  депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү жаңы өзгөртүүлөргө ылайык саясий партиялар тарабынан тизме боюнча көрсөтүлүүчү талапкерлердин жалпы саны 75тен кем эмес жана 200дөн ашык эмес болууга тийиш. Талапкерлердин тизмесин аныктоо учурунда саясий партия бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиялардан көрсөтүлүүчү аял жана эркек талапкерлердин тизмелериндеги кезектүүлүктүн айырмасы үч позициядан ашпоого тийиш.

Аял депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мандат аял талапкерлердин ичинен катталган кийинки аял талапкерге, эркек депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мандат эркек талапкерлердин ичинен катталган кийинки эркек талапкерге өткөрүлүп берилет.

4-этап: Болжолдоолорго ылайык 2021-жылы бүт  республика боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө 22 шаардык жана 396 айылдык кеңештердеги (шаардык кеңештерди кошкондо) мандаттардын  жалпы саны 7502ни түзөт, анын ичинде 2658 мандаттын аялдар үчүн резервге калтырылышы күтүлүүдө.

Коомдук диалогдун жүрүшүндө өз ара аракеттешүү үчүн лидер аялдардын арасында аянтча түзүү, маалыматтык контент уюштуруу жана туруктуу негизде аялдардын шайлоо укуктарын алга жылдыруу боюнча макулдашылган иш жүргүзүү сунушталды.

Эл аралык уюмдар аракеттердин андан аркы пландарын жүзөгө ашырууда колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Өз кезегинде катышуучулар демократиянын баалуулуктарын калк арасында алга жылдыруу максатында кеңири маалыматтык өнөктүк жүргүзүү сунушун айтышты, мында жабык жамааттардын өкүлдөрү өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна жигердүү катышууну каалаган аялдарга кысым көрсөтпөгөндөй болуш керек экени, ошондой эле алдыда – 2020-жылы апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана 2020-жылы октябрда КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуучу келечектеги аял талапкерлерди кесиптик жактан даярдоо үчүн чара көрүү зарылдыгы эске алынды.

Аялдардын айылдык кеңештерде кыйла кеңири өкүлчүлүгү балдардын, аялдардын жана калктын аялуу топторунун кызыкчылыктарына тийиштүү маселелерди, анын ичинде саламаттык сактоо жана билим берүү маселелерин натыйжалуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берет, кеңештин туруктуу иштөөсүнө өбөлгө түзөт, сабырдуулуктун жана биримдиктин бекемделишине салым кошот. Презентация

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү