Башкы Жаңылыктар Оморова Айнура Самыйбековна Саруу айылдык кеңешинин төрагасы болуп …

Оморова Айнура Самыйбековна Саруу айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

07-Окт, 2019

2019-жылы 4-октябрда жаңы шайланган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык сессияны жаш курагы боюнча эң улуу депутат Үметалиева Шайымкүл ачты.

Төраганын кызмат ордуна 3 депутаттын – Узаков Капарбек Мокешовичтин,  Иманалиев Канат Тойчубековичтин жана Оморова Айнура Самыйбековнанын талапкерлиги каралды.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча экинчи турда депутаттардын 21 добушунун 12 добушун алган Оморова Айнура Самыйбековна Саруу айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Маалымат үчүн: Оморова Айнура Самыйбековна, 1967-жылы 20-ноябрда туулган, кесиби – врач, Жети-Өгүз Жалпы дарыгерлик практика борборунда иштейт, бир нече жолу чакырылган жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. Эки баланын энеси.

Сессиянын алдында КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекованын, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – акими М.С.Раматовдун жана аксакалдар кеңешинин өкүлдөрүнүн ж.б. катышуусунда Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган депутаттарга күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара болду.

Куттуктоо сөзүндө КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо – бул “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Жогорку Кеңеш кабыл алып, Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон жакында киргизилген өзгөртүүлөрдөгү жаңы ченемдерди жана талаптарды колдонуу менен болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын биринчи шайлоо болгонун белгиледи:

1. Айылдык кеңештерде ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ын резервде калтыруу жөнүндө жол-жобо колдонулду;

2. Айылдык кеңештерге мыйзам менен белгиленген эсептик он эсе көрсөткүч өлчөмүндөгү (1 000 сом) шайлоо күрөөсү киргизилди;

3. Талапкерлердин билими, соттолгондугу, жарандыгы жана паспортунун катталгандыгы жөнүндө маалыматтарды текшерүү мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн “Түндүк”электрондук тутуму аркылуу ишке ашырылды;

4. Депутаттыкка талапкерлер катталган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде коомчулук таанышсын үчүн өз программаларын беришти, алар КР БШКнын расмий сайтында жарыяланды жана шайлоо участокторунда илинди;

5. Шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана шайлоочуларды иденттештирүү боюнча иш-аракеттердин комплекси КРӨ МККдан БШКнын жүргүзүүсүнө жана жоопкерчилигине өтүүдө;

6.  Шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралуу жарандарга маалымат берүү үчүн ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлүп, өз ишин жүргүздү, анын курамына КР БШКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери, аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, прокуратуранын, КР ИИМдин облустук жана райондук мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилиги кирди.

КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова талапкерлердин программаларын жарыялоо жарандардын депутаттар жөнүндө, жергиликтүү жамааттын маселелерин чечүү боюнча алардын көз караштары, мамилелери жөнүндө  маалымат алуусун арттыруу үчүн маанилүү чара болуп саналарын белгиледи.

Депутаттын бир жылдын ичинде кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз катышпай коюусу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун негизи болору жөнүндө ченем депутаттардын жоопкерчилигин жогорулатууга кызмат кылат.

Мыйзамдын жаңы ченемине ылайык резервге калтырылган мандаттардын негизинде мандат алган депутат аялдын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мандат тиешелүү шайлоо округунда добуштардын көпчүлүгүн алган кийинки талапкер аялга өткөрүлүп берилет. Эгерде тиешелүү шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда мандат ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык бөлүштүрүлөт.

Кеңештин биринчи сессиясынан кийин Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлөрүн эске алып, депутаттарга айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлерге карата жаңы талаптар жөнүндө кеңири маалымат берилди.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-49-беренелерине киргизилген түзөтүүлөргө ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына талапкерлерге карата “Кыргызтесттин”  сертификаты менен ырасталган мамлекеттик тилди “ортодон жогорку” деңгээлде милдеттүү түрдө билүү талабы киргизилген. Мында “Кыргызтест”  менен талапкерлерге сертификатты өз убагында берүү боюнча иш жүргүзүлдү.

Мурда мыйзам менен проблемалары болгон адамдар башкаруу тутумуна шайлоо аркылуу келбесин деген жарандардын каалоолору шайлоо  жөнүндө мыйзамдарга түзөтүүлөрдө парламент тарабынан эске алынды жана жактырылды. Оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жарандардын ЖӨБдүн аткаруу органдарынын башчылыгына талапкер болууга укугу жок деген ченемдер киргизилди. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан бошотулган учурда, эгерде бошотуу жөнүндө кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу даттанылса, соттун акыркы кароосуна чейин айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы шайлоону дайындоо токтотула турат.

Жети-Өгүз районунун акими М.С. Раматов өз сөзүндө жаңы шайланган айылдык кеңештин дарамети жогору экенин белгиледи, себеби жаңы шайланган  21 депутаттын 18инин жогорку билими бар (мурда жогорку билими бар 15 депутат болгон) жана ал региондогу иш тажрыйбага токтолду. Депутаттарга жергиликтүү жамааттын актуалдуу маселелерин чечүүгө бардык күч-аракеттерин жумшоосун каалады.

Аксакалдар кеңешинин төрагасы Ж.М. Жаркымбаев депутаттарды аларга чоң ишеним көрсөткөн жарандардын кызыкчылыктары үчүн ырааттуу, конструктивдүү иштөөгө чакырды, депутаттын миссиясын татыктуу аткарып, кеңештин, жалпы эле Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошуусун каалады. Ошондой эле ал аялдардын катышуусу айыл аймагынын социалдык, билим берүү жана көрктөндүрүү маселелерин кыйла кылдат чечүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Улуу муундун атынан айылдык кеңештин азыркы чакырылышы натыйжалуу иши менен белгилүү болуп, жарандардын эсинде жакшы иштери менен калат деп ишенерин билдирди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>