БШК Европа комиссиясына укук аркылуу демократияны камсыздоого колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди

14 июня 2019

2019-жылы 14-июнда КР БШКнын жетекчилеринин укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын (Венеция комиссиясы) эксперттери менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар 2016-жылы Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосунда түзүлгөн Каржы макулдашуусунда каралган “Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумун реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” долбоорун аяктоо маселесин талкуулашты.

Мында Венеция комиссиясынын региондук кызматташуу боюнча бөлүмүнүн башчысы С. Кузнецов алдыдагы шайлоолордун алкагында мындан ары дагы кызматташууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде КР БШКнын Төрагасы Н. Шайлдабекова шайлоо тутумун реформалоо максаттарына жетүүгө көмөктөшкөнү үчүн Венеция комиссиясынын эксперттерине ыраазычылык билдирди.

БШКнын башчысы талаш-тартыштарды даттануу боюнча ченемдик негиздерди жана практиканы иштеп чыгууга жардам көрсөткөнү үчүн С. Кальченко мырзага айрыкча ыраазычылык айтты.

Төрага жолугушуунун катышуучуларына Каржы макулдашуусунун индикаторлорунун аткарылышы тууралуу маалымат берди, ошондой эле жумушчу топ иштеп чыккан “2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясына” катышуучулардын көңүлүн бурду, анда талдоонун жана коомдук талкуунун жыйынтыктары боюнча шайлоо мыйзамдарын жана процессин өркүндөтүү боюнча негизги максаттар, багыттар жана иш-чаралар иштелип чыккан.

Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын жана БШКнын өкүлдөрү мындан ары дагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Венеция комиссиясы менен Кыргызстандын БШКсынын өз ара аракеттешүүсүнүн белгиленген конкреттүү пландары демократиянын жалпы баалуулуктарынын өнүгүүсүнө салым болорун айтышты.

Маалымат үчүн:

1-индикатор. Шайлоо процесстерине карата ишенимди арттыруу

2015-жылдагы парламенттик жана 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин жарандарды жалпы улуттук сурамжылоо жүргүзүлдү. Маселен, 2017-жылы КР БШКнын буюртмасы боюнча Эл аралык республикалык институт тарабынан өткөрүлгөн Улуттук сурамжылоонун натыйжалары шайлоо процесстерине карата ишеним көрсөткүчүнүн көбөйүү динамикасын көрсөттү (2016-жылы суралгандардын 44%ы, 2017-жылы – 49%), ишенбөө деңгээлинин 6%га төмөндөгөнүн (2016-жылы суралгандардын 44%ы, 2017-жылы –38%ы) көрсөттү.

2-индикатор. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо шайлоочулардын келүүсү: 2015-жылдагы парламенттик шайлоодогу келүүсүнө салыштырмалуу максимум 2%га төмөн.

2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоого Кыргызстандын 1 697 868 жараны келди же бул шайлоочулардын тизмелерине киргизилген 3 014 434 жарандын жалпы санынын 56,32%ын түздү.

2015-жылдын 4-октябрында шайлоочулардын парламенттик шайлоого келүүсү 1 630 125 жаранды же шайлоочулардын тизмелерине киргизилген 2 761 297 жарандын 59,03%ын түздү.

2017-жылы шайлоочулардын келүүсү пайыздык жагынан 2015-жылдагыга салыштырмалуу 2,71%га төмөн болсо дагы, 2017-жылдагы шайлоого суммалык туюнтма боюнча 2015-жылдагыга караганда 74489 адамга көп катышты.

2017-жылы шайлоочулардын тизмелериндеги адамдардын саны 2015-жылдагыга салыштырмалуу 264 473 адамга көп.

3-индикатор. Укук коргоо органдарына шайлоочулардын добуштарын сатып алган  адамдарга, саясий партияларга жана талапкерлерге иш козгоо мүмкүнчүлүгүн берүү

2017-жылы январда добуштарды сатып алуу боюнча жазык иштери жеке айыптоо иштеринен жеке-коомдук айыптоо иштерине таандык кылынган жаңы Жазык кодекси кабыл алынды. Ал ЖК 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирди.

Мындан тышкары, сый акы алган адамдын укуктук жоопкерчилигин киргизүү сунушталган мыйзам долбоору Жумушчу топ тарабынан иштелип чыгып, мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде Жогорку Кеңешке киргизилүүдө.

4-индикатор. Шайлоо процесстеринин инклюзивдүүлүгүн жакшыртуу

Ишке ашырылды. 2017-жылдын 15-октябрына карата абал боюнча 3 137 595 жаран биометрикалык каттоодон өттү, бул мурдагы Аналитикалык отчёттогуга салыштырганда 234 696 жаранга көп (2017-жылдын 1-январына карата биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын саны 2 902 899 адамды түзгөн).

Инклюзивдүүлүктү жакшыртуу шайлоочулардын жалпы тизмеси үчүн башкы булак болуп саналат.

5-индикатор. Ишке ашырылды. Шайлоочулардын тизмесин түзүү такталган тизмелерди жана жаңы топтолгон биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгууну эске алуу менен жүргүзүлдү. Жарандарды кабарландыруу жана маалыматтарды тактоо үчүн шайлоочулардын тизмелерин БШК менен МККнын “tizme.kg” биргелешкен порталына жайгаштыруу (КБМРден автоматтык түрдө жүктөп) жөнүндө чечим кабыл алынды, анда тынымсыз актуалдаштыруу режиминде участоктор, шаарлар, райондор жана жалпысынан республика боюнча маалыматтар жайгаштырылды. Мында маалыматтарды талдоо үчүн статистика, кайра байланышуу кызматы бар жана орун которуулардынтарыхы чагылдырылат.

2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого 3 025 770 сандагы адам киргизилген шайлоочулардын тизмелери түзүлгөн

6 жана 7-индикаторлор: Шайлоо тутумун реформалоо боюнча Стратегияны иштеп чыгуу жана мыйзам чыгаруу чараларынын пакети боюнча иш-аракеттердин парламенттик планы

Кеңири коомдук талкуунун негизинде шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ иштеп чыккан 2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясы, аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттердин Планы Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 13-августунда бекитилген.

10 мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 4 мыйзам долбоору КР Жогорку Кеңешинин 25 депутатынын мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде парламентте 2018-жылы 25-декабрда катталган.

6-индикатордун алкагында кабыл алынган чараларды уланткан кийинки этап 7-индикатор болуп саналат, анын негизинде парламентке мыйзам чыгаруу базасынын иденттештирилген маселелери боюнча иш-аракеттерди кабыл алуу үчүн сунуштар берилиши зарыл. Парламент (өз жол-жоболоруна ылайык) Мыйзам чыгаруу реформаларынын пакети боюнча иш-аракеттердин Планын иштеп чыгып, бекитүүсү керек.

Жогорку Кеңештин токтомдору менен (2019-жылдын 16-январдагы №2829-VI, 2019-жылдын 6-февралдагы №2874-VI, 2019-жылдын 6-мартындагы №2936-VI жана 2019-жылдын 2-майындагы №3025-VI) мыйзам долбоорлору КР Жогорку Кеңешинин ишинин Календардык планына киргизилди.

2019-жылы 23-майда жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин пленардык жыйналышында 1-окууда кабыл алынды (катышкан 105 депутат бир добуштан).

2019-жылы 3-июнда Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн, мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын  өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуулар болуп өттү.

2019-жылы 11-июнда мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана жогорку кеңештин регламенти боюнча комитетинде 2-окууда жактырылды.

2019-жылы 13-июнда Жогорку Кеңештин пленардык жыйналышында үч мыйзам долбоору 2-окууда кабыл алынды (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын”; “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын”; “Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамынын (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамдарына) долбоорлору).

Жогорку Кеңештин жакын арадагы пленардык жыйналышында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР конституциялык Мыйзамынын  долбоорун  2-окууда кароо күтүлүүдө.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү