КР БШК мүчөлөрү контролдук-текшерүү тобу менен биргеликте АШКларды текшерүү иш сапарына чыгышты

21 ноября 2011

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү  Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын контролдук-текшерүү тобу менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларын текшерүү иш сапарына чыгышты.

            Текшерүү иш сапары 2011-жылдын 21-ноябрынан 11-декабрына чейин жүргүзүлөт.

            Төмөндө облусттарга карата АШКларды текшерүү даталарын келтиребиз:

            1. Чүй облусу – 2011-жылдын 21 - ноябрынан 5 - декабрына чейин;

            2. Ысык Көл облусу – 2011-жылдын  21 - ноябрынан 27- ноябрына чейин;

            3. Ош облусу - 2011-жылдын 21- ноябрынан 28 - ноябрына чейин;

            4. Жалал – Абад облусу - 2011-жылдын  21 - ноябрынан 3 - декабрына чейин;

            5. Баткен облусу – 2011-жылдын  29 - ноябрынан 6 - декабрына чейин;

            6. Нарын облусу – 2011-жылдын  5 - декабрынан 11 - декабрына чейин;

            7. Талас облусу - 2011-жылдын 6 - декабрынан  10 - декабрына чейин.

Эскерте кетсек, талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын пайдаланылышын жана так эсепке алынышын, каражаттардын түшүү булактарын контролдоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин финансылык отчетторун текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдында Контролдук – текшерүү тобу түзүлгөн. Аталган топтун жетекчиси болуп КР БШК мүчөсү Асаналиев Алмаз Турдакунович эсептелет.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы