23-Сен, 2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Алма айылынын № 2383 шайлоо участогунун схемалары жана чек аралары, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Ак-Булак айылынын № 2024 шайлоо участогунун схемаларына жана чек араларына кошулду.Ошондой эле, бир катар шайлоо участокторунун даректерине өзгөртүүлөр киргизилди:Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын З.Кутманов, 19 көчөсүндө “Рахат” бала бакчасынын имаратында жайгашкан № 2211 шайлоо участогунун дареги Майлуу-Суу шаары, З.Кутманов көчөсү, 20 Ю.А. Гагарин атындагы № 54 орто мектебинин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 2170 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Д. Садырбаев айыл аймагы, Масы айылы, И. Турдумбетов көчөсү, 55а спорт мектебинин имараты дарегинен Садырбаев айыл аймагы, Масы айылы, И. Турдумбетов көчөсү, 55/1 Ж. Бөкөнбаев атындагы № 1 орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 2192 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 4/1 “Кочкоратаайылкурулуш” ААКнын имараты дарегинен Кочкор-Ата шаары, Ломоносов көчөсү, 14 “Ландыш” балдар бакчасынын имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 2306 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен шаары, Ленин көчөсү, 23/1 Т. Үмөталиев атындагы орто мектептин имараты дарегинен Кербен шаары, Т. Үмөталиев көчөсү, 145 Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 2416 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Аксы району, Үч-Коргон айыл аймагы, Кызыл-Жар айылы, Чолпонбай көчөсү, 27 Ы. Солпиев атындагы орто мектептин имараты дарегинен Үч-Коргон айыл аймагы, Кызыл-Жар айылы, Ж. Исакеев көчөсү, н/ж, Ы. Солпиев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 2208 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Шамалдуу-Сай шаары, Ч. Айтматов көчөсү, 1 К. Осмонкулов атындагы № 55 орто мектептин имараты дарегинен Шамалдуу-Сай шаары, Нарын көчөсү, 3 “Үмүт” балдар бакчасынын имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3100 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Хан-Теңири айыл аймагы, Качыбек айылы, Ленин көчөсү, 32 айылдык клубдун имараты дарегинен Хан-Теңири айыл аймагы, Качыбек айылы, Ленин көчөсү, 43а Качыбек орто мектебинин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3102 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Хан-Теңири айыл аймагы, Совет айылы, Сартбай көчөсү, 59а “Кызыл-Кия” орто мектебинин эски имараты дарегинен Хан-Теңири айыл аймагы, Совет айылы, Үсөнкан көчөсү, 6а “Кызыл-Кия” орто мектебинин жаңы имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3104 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Хан-Теңири айыл аймагы, Ак-Булуң айылы, Торгоев көчөсү, 44 айылдык клубдун имараты дарегинен Хан-Теңири айыл аймагы, Ак-Булуң айылы, Ажына көчөсү, 24 Ы. Туманов атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3092 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Каракол айыл аймагы, Тепке айылы, К. Жантөшев көчөсү, 12 айыл өкмөтүнүн имараты дарегинен Каракол айыл аймагы, Тепке айылы, Абдыбек көчөсү, 1 К. Жантөшев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3097 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Каракол айыл аймагы, Орлиное айылы, Кандала көчөсү, 36 Омельченко атындагы орто мектептин эски имараты дарегинен Каракол айыл аймагы, Орлиное айылы, Кандала көчөсү, 27 Омельченко атындагы орто мектептин жаңы имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3134 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Алтын-Арашан айыл аймагы, Бөрү-Баш айылы, Ленин көчөсү, 38 айылдык клубдун имараты дарегинен Алтын-Арашан айыл аймагы, Бөрү-Баш айылы, Ленин көчөсү, 36 айыл өкмөтүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3110 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Кыдыр-Аке айыл аймагы, Кайырма-Арык айылы, Ашымканов көчөсү, 32/3 жаштар борборунун имараты дарегинен Кыдыр-Аке айыл аймагы, Кайырма-Арык айылы, Ашымканов көчөсү, 32 А. Деркембаев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3120 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Кыдыр-Аке айыл аймагы, Ак-Суу айылы, Шапак баатыр көчөсү, н/ж “Заря” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин имараты дарегинен Кыдыр-Аке айыл аймагы, Ак-Суу айылы, Кыдыр-Аке көчөсү, 54 А. Атабаев атындагы маданият үйүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү; № 3179 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Оргочор айыл аймагы, Аң-Өстөн айылы, Б. Ибраев көчөсү, 84 маданият үйүнүн имараты дарегинен Оргочор айыл аймагы, Аң-Өстөн айылы, Б. Ибраев көчөсү, 30 Ы. Сооронбаев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3214 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Тоң району, Күн-Чыгыш айыл аймагы, Бөкөнбаев айылы, Ш. Аламанов көчөсү, 20 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин имараты дарегинен Күн-Чыгыш айыл аймагы, Бөкөнбаев айылы, Манасчы Мамбет көчөсү, 24 Т. Океев атындагы райондук маданият үйүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү;Сузак, Майлуу-Суу, Ноокен, Аксы, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына киргизилген өзгөртүүлөр, анын ичинде тиешелүү шайлоо участокторунун чек аралары жана алардын жайгашкан жерлери өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>