Башкы Жаңылыктар БШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин …

БШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө БАШКнын чечимин бекитти

26-Дек, 2018

2018-жылдын 19-декабрында Бишкек АШКнын чечими менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. 2018-жылдын 21-декабрында БШКга Ж. Коргонбай уулунун БАШКнын чечимине макул эместиги билдирилген жана ал чечимди жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу түшкөн.

Бүгүн, 26-декабрда БШКнын жыйналышында даттанууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды, БАШКнын чечими укук ченемдүү жана негиздүү деп табылды.

Мында БШК бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында “Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин кош жарандуулугу бар экени тууралуу” билдирүүлөр жарыяланганына байланыштуу белгиленген тартипте текшерүү жүргүзүлгөнүн белгилейт: Конвенцияга ылайык Россия Федерациясынын компетенциялуу органдарына толук суроо-талап жөнөтүлгөн.

2018-жылдын 13-декабрында Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинен жооп түштү, ага ылайык Ж. Коргонбай уулунун РФ жарандыгы бар экени ырасталган. Ал маалыматка ылайык Коргонбай уулу Жусупбек Россиянын Москва шаары боюнча федералдык миграция кызматынын Башкармалыгынын 2007-жылдын 24-майдагы чечиминин негизинде Россия Федерациясынын жарандыгын алган. 2007-жылдын 20-июлунда Россиянын Москва шаары боюнча ОУФМСнын Северное Измайлово району боюнча бөлүмү тарабынан ВАОдо Ж. Коргонбай уулу Россия Федерациясынын жарандыгын алгандыгына байланыштуу РФ жаранынын 45 08 № 968138 сериясындагы паспорту менен документтелген. Россиянын ИИМинин эсебинде Ж. Коргонбай уулунун Россия Федерациясынын жарандыгынан чыккандыгы тууралуу маалымат жок. 2018-жылдын 24-июлунда Ж. Коргонбай уулу Россиянын Москва шаарынын Северное Измайлово району боюнча ИИМБсинин ОВМине Россиянын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өзүнүн башка - КР жарандыгы бар экени жөнүндө билдирүү жөнөткөн.

РФнын КРдеги элчилигинин 2018-жылдын 14-декабрындагы маалыматына ылайык Ж. Коргонбай уулу РФ жарандыгына кабыл алуу тууралуу арыз менен РФнын КРдеги элчилигине кайрылган эмес (эскертүү –жарандыкты алуу Россиянын аймагында жүзөгө ашырылган). Мында РФнын КРдеги элчилигинин 2018-жылдын 21-декабрындагы билдирүүсү боюнча Ж. Коргонбай уулу РФ жарандыгынан чыгаруу жөнүндө арыз менен 2018-жылдын 26-ноябрында РФнын КРдеги элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылып, зарыл документтерди тапшырган. РФнын жарандыгы жөнүндө мыйзамдарына ылайык Россиянын жарандыгынан чыгуу үчүн адам документтердин тизмегин, анын ичинде өздүгүн жана арыз берүүчүнүн Россиянын жараны экенин күбөлөндүргөн документтерди берүүсү зарыл.

Андан ары, “КР тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун” маалыматы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ж. Коргонбай уулу КРдин мамлекеттик чек арасынан өтүү учурунда Россия Федерациясынын жаранынын паспортун төрт жолу пайдаланган.

Баяндалгандардын негизинде КР БШК “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 19-декабрдагы №19 чечимин бекитти. Даттанууну канааттандыруудан баш тартууга “макул” деп БШКнын 7 мүчөсү, “каршы” деп БШКнын 4 мүчөсү добуш берди, БШКнын 1 мүчөсү катышкан жок жана добуш берген жок. БАШКнын чечимин бекитүү үчүн “макул” деп БШКнын 9 мүчөсү, “каршы” деп БШКнын 2 мүчөсү добуш берди, БШКнын 1 мүчөсү катышкан жок жана добуш берген жок.

Маалымат үчүн: Башка мамлекеттин жарандыгы бар адамдарга жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланууга мыйзамдар тарабынан так тыюу салынган.

КР Конституциясынын 52-беренесине ылайык “башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары саясий мамлекеттик кызматты жана соттордун кызмат ордун ээлөөгө укуксуз”.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 24-беренесине ылайык адамдын депутаттык мандатты белгиленген тартипти бузуу менен алгандыгы билингенде депутаттык мандатты колдонуу токтотулушу мүмкүн.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык талапкер башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды жашырып койгондугунун фактысы далилденгенде талапкерди каттоо тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат (44-берене).

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу талапкерлердин тизмесин каттоодо баш тартуунун негизи боло алат (53-берене).

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык жарандыктан чыгышы, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготушу же болбосо башка жарандыкты алышы депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу үчүн негиз болуп эсептелет (52-берене).

Тиркеме:

-Россия Федерациясынын Юстициялык Министирлигинин каты

-Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каты

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>