Башкы Жаңылыктар КР БШКнын делегациясы Литванын Вильнюс шаарында АСЕЕЕОнун жыл …

КР БШКнын делегациясы Литванын Вильнюс шаарында АСЕЕЕОнун жыл сайын өтүүчү 27-конференициясында катышты

10-Сен, 2018

КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов жана КР БШКнын Программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтар коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы А.Акимбаев Литва Республикасынын Вильнюс шаарында, Европа өлкөлөрүнүн шайлоо уюштуруучулар ассоциациясынын (АСЕЕЕО) жыл сайын өтүүчү 27-конференициясына катышышты.

АСЕЕЕОнун жыл сайын өтүүчү конференциясында, ар түрдүү 150 шайлоо органдарынын өкүлдөрү “Шайлоочулардын купуялуулугун, коопсуздугун жана бүтүндүгүн кепилдөө” темасын талкуулап, ошондой эле кибер-коопсуздук боюнча атайын семинардан өтүштү.

Конференцияда бардык шайлоочулар үчүн шайлоолорго ишеним кепилдигин берүү жана шайлоолордун кибер-коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шайлоо органдарынын күнүмдүк изденүүлөрүндө аларды окутууга жана колдоого мүмкүнчүлүк берүүчү практикалык маселелер каралды.

Шайлоо укуктары боюнча аймактык жумушчу топтун алкагында КР БШКнын өкүлдөрү А.Бекматов жана А.Акимбаев “Маалыматтык коопсуздук” темасында доклад менен чыгышты. Жаңы технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасында өткөрүлүп жаткан шайлоонун жаңы моделин КР Боршайкомдун ийгиликтүү ишке ашыруусуна байланышкан Кыргызстандын делегациясынын доклады конференциянын катышуучуларынын арасында чоң кызыгууну пайда кылды.  Белгилүү болгондой, жаңы модель маалыматтардын автоматтык келип түшүүсүн жана добуштарды автоматтык эсептөөнү, шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча индентификациялоону жана жогоруда аталган системалардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча программалык-аппараттык чараларды өз ичине алат.

Көргөзмөнүн жана атайын семинардын алкагында шайлоо технологияларын чыгаруучу коммерциялык компаниялар өз продукцияларын иш-чаранын катышуучуларына көрсөтүштү.

Шайлоочулар боюнча маалыматтарды жана шайлоолордо колдонулуучу бардык санариптик маалыматтарды коргоо, кибер-коопсуздук көз карашынан добуш берүү технологияларын камсыз кылуу, шайлоочуларга ишеним боюнча билдирүүлөр, шайлоолордун көз карадысыздыгы жана бурмалоолорду алдын алуунун маанилүүлүгү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Маалымат катары: КР БШК АСЕЕЕОго 2006-жылы ассоциацияланган мүчө катары кошулган, ал эми 2013-жылдан анын толук укуктуу институционалдык мүчөсү болуп эсептелет.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>