Башкы Жаңылыктар КР БШК 725 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады

КР БШК 725 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады

28-Окт, 2011

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо дүйнөнүн 56 өлкөсү көргөзгөн 47 эл аралык уюмдардан 725 эл аралык байкочуларды аккредитациялаган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы алдыдагы шайлоолорду ачык – айкын  өткөрүү максатында эл аралык уюмдарга, анын ичинде БДИПЧ/ОБСЕ, ОБСЕнин Парламенттик ассамблеясына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүн байкоого катышууга чакырган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн бардык шайлоо жана референдумдарга ОБСЕни чакыргандыгын белгилей кетүү маанилүү. Алсак, өткөн 2010-жылдагы Парламенттик шайлоолордо БДИПЧ/ОБСЕнин 257 өкүлү, ОБСЕ Парламентинин Ассамблеясыннын 9 өкүлү жана ОБСЕнин борборунан 2 өкүл аккредитацияланган.

Эл аралык уюмдарды чакырууда Кыргыз Рспубликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 14 токтому менен бекитилген “2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш-аракеттеринин, статусунун жана ыйгарым укуктарынын тартиби жөнүндө” Жобо менен белгиленген аккредитациялоонун мөөнөттөрү көрсөтүлгөн. Жободо аккредитациялоого паспортун көчүрмөлөрү менен бирге арыздардын формалары тапшыра тургандыгы белгиленген. Ошондой эле, арызда толтуруу тартиби боюнча түшүдүрмөлөр берилген.

Бирок, БДИПЧ/ОБСЕнин өкүлдөрүнүн аккредитациялоого документтери аларды толтуруунун белгиленген тартибине ылайык эмес түзүлгөн. Алсак, паспорттун сапатсыз көчүрмөлөрү берилген, ошондой эле аккредитациялоого арыздардын формалары туура эмес толтурулган.

Ошого карабастан, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы БДИПЧ/ОБСЕнин 285 байкоочуларын аккредитациялаган.  БДИПЧ/ОБСЕнин 67 кыска мөөнөттөгү байкоочулары аккредитацияланбаган. Бул эң эле көп эл аралык байкоочуларды сунуштаган эл аралык уюм. Мындан тышкары, ОБСЕ Парламентинин 38 эл аралык байкоочулары аккредитацияланган.

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
22-Сен, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери: Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залыӨткөрүү убактысы:  Саат 10:30         1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кара-Суу, Токтогул, Токмок, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө          Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетинаткаруучу             2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө          Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу     4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө              Баяндамачы: Амангелди кызы Мунара -көзөмөлдөө-текшерүү жана аудиттик иш секторунун башчысы           5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө  Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы     6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө        Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы        7. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                              Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы        8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                        Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы  
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда
22-Сен, 2026

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда

Бүгүн, 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын резервдерине киргизүү үчүн талапкерлер тарабынан берилген документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун отуруму өттү. Жумушчу топту КР БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жетектейт, курамына КР БШКнын мүчөлөрү - облустар боюнча кураторлор кирет.Отурумда талапкерлер тарабынан берилген документтер каралып, алардын мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсү талкууланды.Жумушчу топтун ишмердүүлүгү аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин тиешелүү талаптарга жооп берген, даярдыгы жана кесиптик сапаттары бар талапкерлер менен толуктоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен байкоочулар миссиясынын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына 2026-жылдын 18-20-сентябрында өткөн депутаттарды шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.Тынчтык Шайназаров жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишин белгиледи.КР БШКнын төрагасы өткөн шайлоо өзгөчө шарттарда өткөрүлгөнүн белгиледи. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жасалган чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жабыркаган. Тынчтык Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ал ошондой эле татаал шарттарда жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана коомдун биримдигин белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуусу жана болжол менен 58 пайызды түзгөн шайлоочулардын жогорку катышуусу коомчулуктун шайлоо процессине олуттуу кызыгуусун көрсөтүп турганын айтты.Тынчтык Шайназаров россиялыктарды шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Россия элине жана мамлекетине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын шайланган депутаттарына жемиштүү иш каалады.  
Кененирээк билүү >>