Башкы Жаңылыктар КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери үчүн жемкорлуктун алдын алуу …

КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери үчүн жемкорлуктун алдын алуу жаатында семинар өткөрүлүүдө

10-Июл, 2018

КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери үчүн жемкорлуктун алдын алуу жаатында семинарлар өткөрүлүп жатат. Семинардын негизги максаты, жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды уюштурууга жооптуу болгондорду милдеттүү түрдө окутуу жана  жемкорлуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууда катышуучуларды системалуу түрдө маалымат менен камсыз кылуу болуп саналат.

2018-жылдын 4-майында КР БШК аппаратынын кызматкерлерине “Жемкорлук түшүнүгү” тууралуу семинар өткөрүлгөн.

Анда төмөнкү маселелер каралган:

1. Байыркы замандан бери эле жемкорлук менен күрөшүү тууралуу тарыхый материалдар;

2. Көркөм материалдар. Улуу ойчулдардын жемкорлук тууралуу ойлору, ырлары, тамсилдери, учкул сөздөрү, накыл кептери, афоризмдери, макал-лакаптары. Бул мисалдар дагы жемкорлукту  так жана туура аныктоодо жардам берип келет.

3. Жемкорлук тууралуу социалдык видеокөргөзмөлөр көрсөтүлүп, ал семинардын катышуучулары тараптан талкууланды.

4. Жемкорлуктун түрлөрү жана анын жолдору менен түшүнүктөрүнүн аныктамалары, себептери айтылды.

5. КР БШК аппаратынын кызматкерлери күнүмдүк турмушта кезиккен жемкорлуктун түрлөрүн аныктоо боюнча ат салышты.

2018-жылдын 9-июлунда “Жемкорлуктун алдын алуу” деген аталышта КР БШКнын аппараты үчүн экинчи семинар өткөрүлдү. КР БШКнын жемкорлуктун алдын алуу боюнча атайын өкүлү Ч.С. Исмаилова семинарда төмөнкүлөрдү айтты:

1. Европа өлкөлөрүнүн жаңы баскычтагы жемкорлукка каршы күрөшүү жөнүндө мисалдары;

- жемкорлуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташуунун маанилүү мааниси;

- паракорчулукту жок кылууда натыйжалуу чараларды жана кабыл алынган эл аралык документтерди иштеп чыгуу;

2. “Жемкорлук деген эмне?”-деген аталыштагы социалдык изилдөө жүргүзгөн эл аралык институттардын жыйынтыгын көрүү;

3. Мындан тышкары, БШК аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча ченемдик укуктук базасына киргизилген жемкорлуктун механизмдери, түрлөрү менен таанышты;

4. КРнын жемкорлук боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги акыркы өзгөртүүлөр, толуктоолор тууралуу маалымат берилди;

5. "Жемкорлукка негиз болчулар эмне?"-деген темада тренинг өткөрүлдү;

6. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан жемкорлукка шектелип кармалган КРнын мамлекеттик кызматкерлеринин видеотасмалары көрсөтүлүп, талкууланды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>