2017-жылдагы КР Президентин шайлоодогу шайлоочулардын тизмесине кирген жарандардын саны 2015-жылдагы парламенттик шайлоодогудан 264 473 адамга көп

28 мая 2018

2018-жылдын 25-майында Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосунда 2016-жылы кол коюлган Макулдашуунун алкагында ишке ашырылып жаткан “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” Программасы боюнча Байкоочу комитеттин жаңыланган курамынын отуруму болуп өттү.

Отурумда Кыргыз Республикасында шайлоо реформасынын учурдагы этабындагы пландык индикаторлоруна жетишүү маселеси каралды.

Анда белгиленгендей, программанын алкагында төмөнкү индикаторлор аткарылды:

1. Шайлоо процесстерине ишенимди арттыруу – ишеним деңгээли (Макулдашуунун шарттарына ылайык) Гэллап Институтунун методикасы боюнча өткөрүлгөн Кыргызстандын калкын сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча бааланат.  КР БШКнын буюртмасы боюнча Эл аралык Республикалык Институт (ЭРИ) тарабынан аталган методика боюнча өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, КРда шайлоолорго болгон ишеним деңгээли тынымсыз өсүүдө.

Ошентип, 2017-жылда – ЭРИ тарабынан өткөрүлгөн улуттук сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, шайлоочулардын шайлоо процесстерине болгон ишеним деңгээли 5%га өскөн (2016-ж сурамжылангандардын 44%, 2017-ж – 49%), ошондой эле ишенбөөчүлүк деңгээлинин төмөндөөсү 6% (2016-ж. – сурамжылангандардын 44%, 2017-ж. – 38%);

2. Шайлоочулардын келиши (2017-ж. 2015-жылга салыштырганда) -

2017-жылдын 15-октябрында Президенттик шайлоолорго шайлоочулардын келиши Кыргызстандын 1 697 868 жаранын, же шайлоочулардын тизмесине кирген 3 025 770 жарандардын жалпы санынын 56,32% түзгөн.

2015-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлолорго шайлоочулардын келиши 1 630 125 жаранды, же шайлоочулардын тизмесине кирген 2 761 297 жарандардын жалпы санынын 59,03%ын түзгөн.

Шайлоочулардын келиши 2015-жылга караганда 2017-жылда пайыздык катнашта 2,71%га азайган менен, жыйынтыкталган көрсөткүчтө 2015-жылга караганда 2017-жылда шайлоого 74 489 адамга көбүрөөк катышты.

Ошол эле учурда 6 746 шайлоочунун (жалпы шайлоочулардын санынын 0,22%) добушу эсепке алынган жок, анткени 2017-жылда 8 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу боюнча аймактык шайлоо комиссиялары чечим чыгарган.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын тизмесине салыштырганда, 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууга тизмеге кирген шайлоочулардын жалпы санынын көбөйүшү 264 473 адамды түзгөн. Алардын ичинен 173 818 шайлоочу тизмеге 2017-жылдын 1-январынан 15-октябрына чейин киргизилген.

3. Шайлоочулардын тизмесинин башкы булагы болгон Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин (КБМР) инклюзивдүүлүгүн жакшыртуу.

2017-жылдын 15-октябрына карата биометрикалык каттоодон 3 137 595 жаран өткөн (2017-жылдын 1-январына карата биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын саны 2 902 899 адамды түзгөн).  2016-жылга салыштырганда 2017-жылда биометрикалык каттоодон өтүүдөгү активдүүлүгү жогорулап, 234 696 жаран өз маалыматтарын каттаган.

Буга мамлекет башчысын шайлоого катышууну каалоодон тышкары, ошондой эле 2017-жылдын май айынан баштап 2017-жылдагы үлгүдөгү паспорттун – электрондук идентификациялык карталардын жарандарга бул мезгилде акысыз негизде берилүүсү, ошондой эле маалыматтарды чогултуучу пункттардын көбөйүүсү жана маалыматтарды чогултуучу мобилдик топтор да түрткү болду.

2017-жылдын 15-октябрына карата биометрикалык маалыматтарды тапшырган 3 137 595 адамдын, 3 025 770 шайлоочулардын тизмесине кирди, бул биометрикалык маалымат тапшыргандардын жалпы санынын 96,44% түзөт.

Биометрикалык каттоодон өткөн калган 111 825 адам (3,56%) жашы 18ге жетпегендер.

Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жалпы мезгилинде тизмеден 44 612 адам чыгарылды, анын 41 291 каза болгондор, жана 3 321 адам жарандыктан чыккандар.

Тизмеге кирген шайлоочулардын саны (3 025 770) менен жарактуу паспорту бар 18 жаштагы жана андан улуу жарандардын санынын (3 768 275) айырмасы 742 505 адамды түзөт.

КБМРдин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүү бар болгон тизмелерди тактоо жана жаңыдан топтолгон биометрикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн.  Жарандарга маалымдоо жана маалыматтарды тактоо үчүн, шайлоочулардын тизмеси БШК менен МККнын биргелешкен “tizme.kg” порталында (КБМРден автоматтык жүктөө), участкалар, шаарлар, райондор жана бүтүндөй республика боюнча өз убагында актуалдаштыруу режиминде жайгаштырылды.  Ошол эле убакта, маалыматтарды талдоо үчүн статистика, кайра байланышуу кызматы жана ар бир шайлоочунун которулуусунун тарыхы чагылдырылат.

4. Индикаторлордун бири – добуштарды сатып алууга каршы күрөшүүнүн укуктук механизмдерине тиешелүү.  Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун 2016-жылдын июнундагы мыйзам долбоору шайлоочулардын добуштарын сатып алуунун жоопкечилигин күчөтүү менен катар, добуштарды сатып алууну жеке айыптоо категориясынан жеке-коомдук айыптоо категориясына которууну өз ичине алган, бул ченем Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын январында четке кагылган. Азыркы учурда тиешелүү мыйзам долбоору Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн мыйзам чыгаруу демилгеси катары Жогорку Кеңешке кайрадан алып чыгуу алдында турат. Мындан тышкары, аракеттеги мыйзамда добуштарды сатып алуу үчүн жазанын жогорку өлчөмүн эске алып, жарандар көбүнчө соттук кароонун жүрүшүндө дооматтан баш тарткандыктан (сотто 11 иш тараптардын келишүүсү менен токтотулган), кылмыш жоопкерчилиги менен катар административдик жоопкерчиликти киргизүү да сунушталып жатат.

5. Индикаторлордун бири шайлоо системасын реформалоого тиешелүү жаңы Стратегияны иштеп чыгуу жана бекитүүгө, жана мыйзам чыгарууну реформалоо топтому боюнча парламенттин иш-аракеттер планын иштеп чыгууга тиешелүү.

Байкоочу Комитеттин мүчөлөрүнө бул багыттагы алып барылып жаткан иштер боюнча маалымат берилген.  Стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу КР Президентинин Жарлыгы менен түзүлгөн Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан жүргүзүлүп жатат. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирет.

Бир нече кичи топтор түзүлүп, алар менен SWOT- анализ өткөрүлүп, иштин тиешелүү багыттары боюнча көйгөйлөр аныкталган.

2018-жылдын 11-майында Бишкек шаарында “Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн жолдору. Шайлоо процессинин стратегиялык багыттарын аныктоо” деген Коомдук диалог болуп, ал шайлоо системасын өркүндөтүү жолдорун коомчулук арасында талкуулоо үчүн диалог аянтчасына айланды. Диалог учурунда “2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясынын” долбоорун иштеп чыгуу боюнча пикирлерди жана сунуштарды берүүгө катышуучуларга мүмкүнчүлүк берилди. Азыркы учурда өлкөнүн аймактарында коомдук диалогдор өткөрүлүп жатат.  Талкуулардын жана иштеп чыгуулардын натыйжалары боюнча, Стратегиянын долбоору КР туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешине берилет.

Байкоочу комитеттин мүчөлөрү “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” программасынын учурдагы жүрүшүн жактырды.  Байкоочу комитеттин курамына БШК мүчөлөрү, Европа Кошунунун, Президенттин Аппаратынын, тышкы иштер, финансы, экономика министрликтеринин, мамкаттоонун жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.

КР БШКнын аппаратынын  маалыматтык бөлүмү