Күн-Туу жана Даркан айыл өкмөттөрүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
11 мая 2018
2018-жылдын 11 майында КР БШКсы 2018-жылдын 4-майында өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Берилген протоколдордун негизинде Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, А. Сейдалиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Даркан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Н. Жусупов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Сокулук жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясыларына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
