Башкы Жаңылыктар Шайлоо фонддорунун өлчөмдөрү, аларды түзүү булактары, ошондой эле …

Шайлоо фонддорунун өлчөмдөрү, аларды түзүү булактары, ошондой эле жумшалган сарптоолор жөнүндө МААЛЫМАТ

24-Окт, 2011

“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө” Нускаманын 41-беренесине ылайык талапкер   шайлоо фонддорунун өлчөмдөрү,  аларды түзүүнүн бардык  булактары, ошондой эле жумшалган бардык  сарптоолор жөнүндө (4 (төртүнчү жана 7 (жетинчи) тиркемелер) Борбордук шайлоо комиссиясына отчет берүүгө милдеттүү.

Отчет кагаз жана электрондук түрүндө төмөнкүдөй тартипте берилет:

 

1) Шайлоо күрөөсүн кошкондугун тастыктаган документтерди жана каттоо үчүн зарыл болгон башка документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүү менен бирге – биринчи финасылык отчет;

2) Добуш берүү күнүнө чейин кечиктирбестен 10 күн мурда – экинчи финансылык отчет;

3) Шайлоо өткөндөн кийин 10 күндөн кечиктирбестен - үчүнчү жыйынтыктоочу финансылык отчет. Отчеттогу маалыматтар мурдагы отчет тапшырган датадан 3 күндөн ашпаган датада түзүлөт.

2011-жылдын 20-октябрына карата “ Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун түшүшү жана сарпталышы жөнүндө” экинчи финансылык отчетту тапшыруунун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

 

Финансылык отчеттун саптары

Суммасы, сом менен 

Шайлоо фондуна түшкөн каражаттар, бардыгы:  

111 945 340

Анын ичинде:

 

Талапкерлердин өздүк каражаттары

13 873 700

Саясий партиялар көрсөткөн талапкерлерге алар бөлгөн каражаттар

23 868 000

Жеке жактардын ыктыярдуу салымдары

19 567 060

Юридикалык  жактардын ыктыярдуу салымдары

54 636 580

Шайлоо фондунан сарпталган каражаттар, бардыгы:

104 533 006

Шайлоочулардын кол тамгаларын чогултууну уюштурууга

2 482 226

Алардан  тамгаларын чогултуу үчүн тартылган адамдардын эмгегине төлөөгө

1 355 676

Шайлоо күрөөсүн кошууга

1 500 000

Телерадио берүү уюмдары аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө

38 857 224

Мезгилдүү басма сөз редакциялары аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө 

15 842 932

Басма жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга

25 261 861

Жалпы массалык иш-чараларды өткөрүүгө

624 210

Маалыматтык жана башка консультациялык мүнөздөгү иштерге (кызмат көрсөтүүлөргө) төлөөгө

565 231

Келишим боюнча КР жарандары жана юридикалык жактар аткарган (көрсөткөн) башка  иштерге (кызмат көрсөтүүлөргө) төлөөгө

12 416 272

Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө түздөн-түз байланышкан башка чыгымдарды төлөөгө

6 983 050

Отчет берилген күнгө карата фонддордун каражаттарынын калдыгы

6 922 859

 

Талапкерлер Айтикеевым А.Ы., Исабековым К.С.,  Колубаевым Т.К., Матубраимовым А. Финансылык отчет беришкен жок.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер

Иманкулов Марат Мукановичтин, Токтогазиев Жумабек Кемеловичтин кол тамгаларды чогултууга байланыштуу чыгымдары жок.

Контролдук-текшерүү тобу бул талапкерлерге карата жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиянын кийинки жыйынына маселе койду.

 

 

КР БШКны мүчөсү,

КР БШКнын КТТнын жетекчиси                                        А.Асаналиев

 


 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>