Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктары …

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

01-Ноя, 2017

Бүгүн, 2017-жылдын 1-ноябрындагы КР БШК жыйынында КР ЖК депутаты Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “КыргызРеспубликасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пункту менен Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчкө ээ болгон учурда Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 65 – беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусуна жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарынын көрсөтүлгөн негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын негиз келип чыккан күндөн 30 календарлык күндөн кечиктирбестен кабыл алган чечими менен жүзөгө ашырылат.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы өкүмү менен Кыргыз Респбликасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Текебаев Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 303-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш жасоого күнөөлүү деп табылган, мал-мүлкүн конфискациялоо менен жана үч жылга мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылып, мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөө менен сегиз жылга эркинен ажыратылган.

2017-жылдын 2-октябрында Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө. Текебаевге карата 2017-жылдын 16-августундагы айыптоочу өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 359-беренесине ылайык, аппеляциялык инстанциядагы соттун өкүмү ал жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө. Текебаевге карата 2017-жылдын 16-августундагы өкүмү 2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренесине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 360-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>