Техникалык себептерден улам "Биз таза шайлоо үчүн!" эртенкиге-8 октябрга жылдырылат

07 октября 2011

Аталган акциянын программасында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана БШКнын мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөөлөрү, ошондой эле шайлоо процессинин жаңылыктары боюнча анимациялык роликтер, оюндар көрсөтүлөт.

Акция 2011 – жылдын 8 – октябрында саат 17 -00 дө башталат. Бул иш – чараны өткөрүүнүн программасында “Кылым музасы” продюсерлик борбору уюштурган кыргыз эстрадасынын жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулашы пландаштырылган.