Башкы Жаңылыктар КР БШК: 14-октябрда 22 836 шайлоочу добуш берүү …

КР БШК: 14-октябрда 22 836 шайлоочу добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш беришет

14-Окт, 2017

14-октябрда, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, 22 836 шайлоочу добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүгө катышат.

Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүгө төмөндөгүлөр катышууга укуктуу:

- шайлоо участкасына келе албаган, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар;

- добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар;

- алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар; ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча аскер бөлүктөрүндө, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашкан орду боюнча кирген шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса, добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу, конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери, өзү жүргөн жери боюнча добуш беришет.

Мыйзам боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана байкоочулардын катышуусунда өткөрүлөт.

Шайлоочуга келгенден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү анын биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча идентификациялоону ММК оператору менен бирдикте жүргүзөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага чектин ордуна шайлоо бюллетенин берет.

Шайлоо бюллетендерин бергенде участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесинде каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясын жана номурун коет жана ага шайлоо бюллетенин бергени жөнүндө кол коет. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазманын тууралыгын текшерет жана добуш берүүчү жайдан тышкары  добуш бере турган шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коет.

Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жерде толтурулат.

Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча добуш берүү үчүн көчмө үкөктөр участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана шайлоо документтерин сактоочу сейфте (шкафта) сакталат, кошумча пломбаланат.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү үчүн жайда добуш берүү аяктагандан кийин башкача айтканда 15-октябрда саат 20.00дөн кийин жүргүзүлөт.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
30-Окт, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:- Эсенбеков Азамат Эсенбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча С. Довлотов жана каржы маселелери боюнча Г.Б. Абылова;- Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча Т.М. Айдаралиева.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 30-октябрда өз жыйынында Жайыл, Москва, Ноокат, Ош, Өзгөн, Аксы, Сузак, Ноокен, Жети-Өгүз, Баткен шаардык, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.         • Жайыл районунун Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Турсунбекова Бурулкан Курамаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумабек уулу Максатка өткөрүлүп берилди;   *     Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Сейткулов Аскар Садыковичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сулайманов Маратбек Бейшеновичке  өткөрүлүп берилди;   *     Ноокат районунун Н. Исанов айылдык  кеңешинин депутаты Маматилла уулу Канназардын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сыдыков Маматали Надировичке   өткөрүлүп берилди;* Ош шаардык  кеңешинин депутаты Кулдышева Гүлсара Кенжеевнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, кийинки талапкер Тултемирова Гульфина Токтомушевнага (“Жаңы-Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн шаардык  кеңешинин депутаты Низамидинова Манзурахан Гуламидиновнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Юлдашбаев Сирожиддин Хасанбаевичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн шаардык  кеңешинин депутаты Закирова Барно Абытовнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тажибаев Абдрахмон Рахматжоновичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинин депутаты Эралиев Эгемберди Миталиповичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдибаитов Ниязбек Назаралиевичке өткөрүлүп берилди;* Аксы районунун Кара-Камыш айылдык кеңешинин депутаты Кенжегулов Абдылдабек Кенжегуловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырзабеков Жеңишбек Алыбековичке өткөрүлүп берилди;* Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Калимбетов Туратбек Каримовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер Тилекеев Ибраим Базарбаевичке өткөрүлүп берилди;* Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин депутаты Нурматов Талантбек Таалайбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жолдошов Мирлан Ибрагимжановичке өткөрүлүп берилди;* Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Шаймолдоев Бакытбек Сагынбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бектенов Эрлан Ишенбаевичке өткөрүлүп берилди;* Баткен шаардык кеңешинин депутаты Шарапова Майсарахан Жаркынбаевнанын (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдразакова Мубаракхан Жолдошовнага (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңешинин депутаты Муратов Бактыбек Нишановичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Айбашов Анарбай Орозовичке өткөрүлүп берилди;* Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңешинин депутаты Козуева Бүажар Абазовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңешинин депутаты Хакимов Музаффаржон Турсуналиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Саидов Зайдулло Камчинбековичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
30-Окт, 2026

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 22-беренелерине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Кабыл алынган токтомдун негизинде айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:Тиркеме
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринин толуктады
30-Окт, 2026

КР БШКсы Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринин толуктады

Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Касымбекова Бегайым Каныбековна, Рысалиев Дуйшонбек Сайникеевич, Алтыбаева Аида Сагынбековна, Турдиева Жыпаркүл Курманбековна, Шаабаева Айнагуль Абдулказиевна, Айтбаева Гулукан Токтоналиевна, Шамшидинов Кубанычбек Рыскулович киргизилди.Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын резерви жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан Абдуназарова Муяссархон Сайдаматовна жана Худайбердиев Икрамжан Рахимбердиевич менен толукталды.
Кененирээк билүү >>