Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге, алардын шайлоо штабдарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусу

01-Окт, 2011

2011-жылдын 25-сентябрында  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгү чечүүчү фазага кирип - Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү башталды.

 Биздин өлкөнүн нормалдуу жана цивилизациялык өнүгүшү үчүн, экономикада жана социалдык чөйрөдө татаал көйгөйлөрдү чечүүнү камсыз кылуу үчүн биринчи кезекте жарандык ынтымак жана коомдук-саясий туруктуулук зарыл. Бирок коомдогу социалдык жана саясий чыңалууну жеңилдетүүнүн ордуна кезектеги шайлоону оорчулукту андан ары курчутуу куралы катары пайдалангандар да жок эмес.

Бийлик баасы бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй жогору. Ошондуктан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн одоно, ал тургай мыйзамсыз ыкмалары кеңири жайылып баратат.

Шайлоо алдындагы үгүткө киришкен талапкерлерди, алардын ишенимдүү адамдарын жана шайлоо штабдарын шайлоолор кандай ыкмалар болбосун  пайдаланылган өлүм үчүн эмес, өмүр үчүн күрөш болгудай, ар бир жаранга өз тандоосун жөн гана эмес, ишенимдүү ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү нормалдуу демократиялык процедура болгудай, бирок шайлоолор өлкөдөгү коомдук – саясый абалдын бузулушуна алып келбейт деп ишенгидей жүргүзүүгө чакырабыз.

Талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө жана ишенимдүү адамдарына шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө улуттук, этностук, расалык, диний, региондор аралык каршылашууну, басмырлоого үндөөчү гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү пропагандалоого, бийликти басып алуу чакырыктарына, мамлекеттик түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн ыдыратууга, сөз жана басма эркиндигин кыянаттык менен пайдалануунун башка формаларына тыюу салынат.

Шайлоо алдындагы үгүткө катышуу менен талапкерлер, алардын өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары талапкерлердин ар-намысына же ишкердик беделине  зыян келтирген жана атайылап жалган маалыматтарга негизденген жарыялоолорду таркатууга укуксуз.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыкты жана аны өткөрүүнү ишке ашырууда, шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жөнүндө маселе актуалдуу деп эсептейт. Өлкөдөгү коомдук-социалдык туруктуулукту камсыз кылууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң, буга жоопкерчиликсиз мамиле кылууга жол берилбейт.

Албетте, Конституцияда кепилдикке алынган сөз жана басма сөз эркиндиги мамлекетибиздин демократиялык өнүгүшүнүн маанилүү шарты болуп саналат. Бирок укуктар жана милдеттер бирдей болууга тийиш, өз укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды бузбоого тийиш, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого бардыгы милдеттүү.

 “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына ылайык жарандык жана улуттук этиканын ченемдерин бузуучу, инсандын ар-намысына шек келтирүүчү материалдарды таркатууга, атайылап жалган маалыматты элге чыгарууга жол берилбейт. Журналисттер өздөрүнүн билдирүүлөрүнүн тууралыгын текшерүүгө милдеттүү.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мезгилинде журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымат берүүгө кылдаттык мамиле кылууга, жарыяланган материалдардын мүмкүн болуучу кесепеттери тууралуу ойлонууга чакырат. Коом бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарынан биримдикке, баш кошууга, туруктуулукка, элдин жана мамлекеттин жыргалчылыгына карата тынчтыкта чыгармачылык менен эмгектенүүгө үндөгөн ачык-айкын ишенимдүү сөздөрдү күтөт. Басма жана эфирдик маалыматтар адамдарда тынчсыздануу жана ишенбегендикти эмес, биз көп жылдар топтолгон экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү кыйынчылыктарга карабастан биргеликте жеңе ала тургандыгыбызга, коррупцияны жоюп, акыйкат укуктук мамлекеттин имаратын курарыбызга, адамдар жана алардын жыргалчылыгы үчүн мыйзамдуулукту, тартипти орното тургандыгыбызга ишеним жаратууга үндөшү керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер, ошондой эле алардын өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, жалпыга маалымдоо каражаттары шайлоо алдында үгүт жүргүзүү боюнча Мыйзам талаптарын бузса, укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюу  жана күнөөлүү адамдарды Шайлоолор жөнүндө конституциялык Мыйзамда, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексте жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына же сотко кайрылып же болбосо талапкерди каттоону жоюу жөнүндө маселени өз отурумунда карайт.

 

 Төрага                                                                                 Т.Абдраимов

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>