КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Асанбековду каттоодон баш тартты
08 сентября 2017
2017-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Мекен ынтымагы” саясий партиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына Кыргыз Республикасынын жараны Т.Асанбеков көрсөтүлгөн.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Асанбеков КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 33 461 кол тамгасын тапшырган.
Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Асанбековду колдогон шайлоочулардын 33 461 колунун ичинен 22 560 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 10 901 кол тамга анык деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1 бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн.Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.
КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 8-сентябрындагы КР БШКнын №422-Токтому менен Т.Асанбековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Асанбековдун шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
