Башкы Жаңылыктар КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороевди …

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороевди  каттоодон баш тартты

08-Сен, 2017

2017-жылдын 8-сентябрында КР БШКнын жыйынында талапкер К.Чороевди  каттоодон  баш  тартуу  маселеси  каралды.

2017-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны К.Чороевден арыз келип түшкөн.

2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороев КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 40 224  кол тамгасын тапшырган.

Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороевди колдогон шайлоочулардын 40 224 колунун ичинен 22 235 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 17 989 кол тамга анык деп табылды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1 бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн.

Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.

КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 8-сентябрындагы КР БШКнын №425-Токтому менен К. Чороевду  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. Чороевдин  шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн   укуктары токтотулду.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүм

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>