КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетовду каттоодон баш тартты
08 сентября 2017
2017-жылдын 8-сентябрында КР БШКнын жыйынында талапкер К.Шайымбетовду каттоодон баш тартуу маселеси каралды.
2017-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны К.Шайымбетовдон арыз келип түшкөн.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетов КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 38 660 кол тамгасын тапшырган.
2017-жылдын 30-августунда кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетовду колдогон шайлоочулардын 38 660 кол тамгасы ишенимдүү эмес деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1 бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн.
Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.
КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 8-сентябрындагы КР БШКнын №421-Токтому менен Казыбек Орозакунович Шайымбетовду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. Шайымбетовдун шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Ж. Анарбекова менен С.Разаковдун ыйгарым укуктары токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
