КР БШК Кыргыз  Республикасынын  Президенти  кызматына талапкер А.Абдылдаевге жазуу жүзүндө эскертүү берди

08 сентября 2017

Бүгүн, 2017-жылдын 8-сентябрындагы БШКнын жыйынында каржы эрежесин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абдылдаевге жазуу жүзүндө эскертүү  берүү тууралуу чечим кабыл алынды.  

2017-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абдылдаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү КР БШКга КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык,  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди тапшырган.

КР БШКнын 2017-жылдын 14-июнундагы №158-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин шайлоо фондусундагы каражаттарды чыгымдоо жана эсептөөнү түзүүнүн эрежеси жөнүндө” Нускаманын  39-пунктуна ылайык, талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына биринчи каржы отчетун тапшырууга, бир эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн тастыктаган  жана башка каттоого керектүү документтерди тапшырууга  милдеттүү.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абдылдаевдин каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Алыбаева, биринчи финансылык отчетту белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү