2017-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер ортосунда Меморандумга кол коюлат

08 сентября 2017

2017-жылдын 9-сентябрында саат 9:00дө Парк отель мейманканасында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин шайлоо алдында үгүт жүргүзүү, каржылоо жана шайлоо талаш-тартыштарын чечүү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн  семинар болот.  Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер ортосунда Меморандумга кол коюлат.

Семинар Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулган.

“Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер ортосунда Меморандумга” кол коюу аземи саат 12:00дө болмокчу.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү