КР БШК Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
04 сентября 2017
КР БШКнын 2017-жылдын 4-сентябрындагы жыйынында Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө чечими кабыл алынды.
Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 29-августундагы №61-буйругуна ылайык Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы Асакеев Алманбек Иманович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Ушуга байланыштуу 2017-жылдын 22-сентябрында саат 9:00дөн 12:00гө чейин Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп өткөрүү Түп аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
