Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

05 сентября 2017

2017-жылдын  5-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында  айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу  токтом кабыл алынды.

Берген арызына байланыштуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)  М.Шадиева чыгарылды.  Комиссиянын тутумуна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) резервден З.Шербаева киргизилди.

 

Берген арызына байланыштуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан (“Туран” саясий партиясы) Д. Шамшиева чыгарылды. Комиссиянын тутумуна  («Акшумкар» саясий партиясы) резервден  Ж. Асанбаев киргизилди.

Берген арыздарына байланыштуу Г.Алиаскарова (“КСДП саясий партиясы”)  Л.Жээналиева,  (“Республика” саясий партиясы), М.Жанбосунова  (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)   Түп аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды.  Комиссиянын тутумуна  резервден (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) В.Алымжанова, А.Макарова, Ф.Матаева киргизилди.

 

Берген арыздарына байланыштуу Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) Г.Бектурова,  Н.Жакыпбекова, А.Байгубатов, Ч.Дүйшекеев, Ү.Райымбаева  чыгарылды. Комиссиянын тутумуна М.Муталипова, (“Акшумкар” саясий партиясы), Бекжан кызы Чолпон, (“Республика” саясий партиясы), (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) С.Байтоков, А.Акитаева, Э.Ажыгулова киргизилди.

  

Берген арызына байланыштуу (“КСДП” саясий партиясы) Н.Касымбеков, (Кыргызстандын коммунисттик партиясы) Ж.Бадиров, (“Республика-Ата-Журт” саясий партиясы) Т.Казыбаев Аламүдүн  аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды. Комиссиянын тутумуна резервден А.Джаналиева (“Акшумкар” саясий партиясы), Н.Жунушова, Г.Мамасадыкова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.

Берген арызына байланыштуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан  (“Туран” саясий партиясы) У.Алымкулов, (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) Д.Джумабаева, Ж.Алмазбекова  чыгарылды. Комиссиянын тутумуна резервден М.Джаманкулова, А.Кенебаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) киргизилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү