Бишкек шаарындагы  добуш берүү участкалары  тууралуу маалымат 2ГИС картасына  жайгаштырылды

06 сентября 2017

Борбордук шайлоо комиссиясы Шаардык маалымат сервиси менен биргеликте «2ГИС Бишкек» картасына Бишкек шаарынын аймагындагы участкалык шайлоо комиссиялары тууралуу маалыматтарды  киргизди. 

Ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облусундагы  айрым участкалык шайлоо комиссиялары тууралуу маалыматтар да  киргизилген.

Шаардык сервисте  УШКлардын даректери, иштөө тартиби. телефон номерлери, ага барчу маршруттар көрсөтүлгөн.

Шайлоо участкасы тууралуу маалымат алыш үчүн анын номерин издөө сабына киргизүү керек, мисалы, №1003 ал ошол замат картада чыгып калат.

Эгер, участканын номери белгисиз болсо, үйгө жакынды караштырыш керек. Бул үчүн аны картадан белгилеп, андан ары “шайлоо участкасын” издөө зарыл. Сервис справка жана картадагы жайгашууну чыгарат. Шайлоо участкасын бул шилтеме боюнча кароо керек: http://go.2gis.com/jxyat.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү