КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоту жана бошогон мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды
05 сентября 2017
2017-жылдын 5-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Сузак жана Манас аймактык шайлоо комиссияларында жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Ошентип:
-Жалал-Абад облусунун Көк-Арт айылдык кеңешинде С.Жуманазаров муниципалдык кызматка дайындалгандыгына байланыштуу өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотту, анын мандаты жеке ишкер Н.Жолдошевге өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешинде У.Исмаилов мунипипалдык кызматка дайындалгандыгына байланыштуу өзүнүн ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты Б.Ташбулатовго өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык округунда М.Калмаматов муниципалдык кызматка дайындалгандыгына байланыштуу өзүнүн ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты Т.Ашырбаевге өткөрүлүп берилди;
-Талас облусунун Манас районунун Кайыңды айылдык округунда А.Отомбаев өз арызы менен ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты А.Үсөнбаев атындагы орто мектептин мугалими У.Кенжекараевага өткөрүлүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык кызматы
