Райондор аралык сот КР БШКнын ”Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абышевди каттоодон баш тартуу жөнүндө” токтомун күчүндө калтырды
05 сентября 2017
4-сентябрда Бишкек шаарынын райондор аралык соту шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ”Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абышевди каттоодон баш тартуу жөнүндө” 2017-жылдын 26-августундагы №395-токтомун жокко чыгаруу боюнча А.Абышевдин доо арызын канааттандыруудан баш тартты.
Райондор аралык сот Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ”Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абышевди каттоодон баш тартуу жөнүндө” 2017-жылдын 26-августундагы токтомун мыйзамдуу жана негизделген деп тапты.
2017-жылдын 26-августуна карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкер А. Абышев же анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерди колдогон шайлоочулардын колдору коюлган барактарды тапшырган эмес.
КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер 30 миңден ашуун шайлоочулардын колун топтогондо гана талапкер катары катталышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер шайлоого 50 календардык күн калганга чейин, башкача айтканда 2017-жылдын 26-августуна дейре анын талапкердигин колдогон шайлоочулардын колдору коюлган барактарды тапшырууга милдеттүү.
Конституциялык Мыйзамга ылайык каттоо үчүн тиешелүү документтерди тапшырбоо, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.
26-августта “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абышевди каттоодон баш тартуу жөнүндө” токтом кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
