КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти

05 сентября 2017

2017-жылдын 4-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  К.Исаевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 37 621 кол тамгалары түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, жумушчу топ тарабынан КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №165-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди колдоого шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуунун тартиби жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тапшырган кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жөнүндө” Нускаманын төмөндөгү нормалары бузулган:

-1- абзацтын  57-пункту «шайлоочунун кол тамгасын бирөө коюуп, башкасы толтурган»;

-5- абзацтын  57-пункту «кол коюуу барагын шайлоочу өз колу менен толтурган эмес»;

- 1-абзацтын  58-пункту «активдүү шайлоого укугу  жоктун колу коюлган».

“Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 2080 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 10 400дү түздү.

Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 27 231 кол тамга ишенимдүү деп табылган, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамында бекитилген минималдуу чекке  жетпей калган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү