Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
05 сентября 2017
2017-жылдын 5-сентябрында КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн Т. Масадыковду каттоо маселеси каралды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин талабына ылайык, КР Президенти кызматына талапкер тарабынан төмөндөгү документтер тапшырылган:
-Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды;
-өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;
-паспорттун көчүрмөсүн;
-иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
-шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;
-мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат.
Талапкер Т.Масадыков КР Борбордук шайлоо комиссиясына 55 440 кол тамгаларды тапшырды, Кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ 51 175 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген.
КР БШКнын 2017-жылдын 5-сентябрындагы №409-токтомуна ылайык Таалатбек Масадыков Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
