КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти

04 сентября 2017

2017-жылдын 4-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 56 047  кол тамгалары түшкөн.

Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 2010 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 10 050нү түздү.

Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 45 997  кол тамга ишенимдүү деп табылган.  

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү