КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Үмөталиеванын кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
04 сентября 2017
2017-жылдын 4-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т. Үмөталиеванын кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т. Үмөталиеванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 48 746 кол тамгалары түшкөн.
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 1618 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 8 090дү түздү.
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 40 656 кол тамга ишенимдүү деп табылган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
