КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шаршекееванын кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
04 сентября 2017
2017-жылдын 4-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шаршекееванын кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шаршекееванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 39 481 кол тамгалары түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, жумушчу топ тарабынан КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №165-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди колдоого шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуунун тартиби жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тапшырган кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жөнүндө” Нускаманын төмөндөгү нормалары бузулгандыгы аныкталган:
-1-абзац 57-пункту «шайлоочунун кол тамгасын бирөөлөр коюп, башкалар толтурган”
-5-абзац 57-пункту «кол коюлган баракта шайлоочу жөнүндө маалымат өз колу менен жазылган эмес»;
-1-абзац 58-пункту «активдүү шайлоо укугу жок жарандын колу».
“Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 3 166 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 15 580 түздү.
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 23 901 кол тамга ишенимдүү деп табылган, бул Кыргыз Респрубликасынын мыйзамында бекитилген минималдуу эсепке жетпей калган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
