Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун делегациясы Румынияда өткөн Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк Генералдык  Ассамблеясынын 3-пленардык отурумуна катышты

Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун делегациясы Румынияда өткөн Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк Генералдык  Ассамблеясынын 3-пленардык отурумуна катышты

04 сентября 2017

КР БШКнын төрагасынын орун басары, КР БШКнын мүчөсү А.Бекматов жана КР БШК мүчөсү К.Осмоналиев  Бухаресте өткөн Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк Генералдык  Ассамблеясынын (ВАИО)  3-пленардык отурумуна катышышты. 

Ассамблеянын максаты – шайлоону таза жана ачык  өткөрүү боюнча тажрыйба  алмашуу кызматташуусун   эл аралык  деңгээлге  жеткирүү, ошондой эле шайлоо органдарына уюштуруу-укук негиздерин бекемдөө жана өркүндөтүү,  шайлоолорду демократиялык  негизде өткөрүүгө жардам берүү болуп саналат.  

Генералдык Ассамблеянын  отурумунда  ВАИОнун жаңы төрагасы, төраганын орун басары, Аткаруу комиттетинин жаңы мүчөлөрү жана Генералдык катчы кайра шайланды. Ошондой эле ВАИОнун Уставына өзгөртүүлөр киргизилип 2018-жылдагы планы талкууланды.

Андан тышкары  ВАИОнун Генералдык Ассамблеясынын отурумунун алкагында 2017-жылдын 1-жана 2-сентябрында “Шайлоо бюллетендерди саноо жана саналган добуштар үчүн жооптуулук: Шайлоо процессинин ачыктыгын жогорулатуу үчүн технологияны колдонуу” аттуу Эл аралык конференция өттү.  Анда шайлоо процессинде маалыматтык технологияны колдонуу жана шайлоо кампанияларын өткөрүүдө ЖМКнын ролу тууралуу талкуу жүрдү. 

Конференциянын пленардык жыйынында КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов  «Шайлоо системасындагы инновациялык технологияны киргизүү  шайлоочулардын добуш берүүгө ишенимин жогорулатуунун ыкмасы» деген темада доклад  жасады.

КР Борборшайлоокомдун жаңы шайлоо модели, шайлоочуларды биометрикалык идентификациядан өткөрүү жана добуштарды автоматтык саноонун ийгиликтүү турмушка  ашышы, шайлоо  жыйынтыгын ишенимдүү жана ачык  айкын чыгышын шарттады деген Кыргызстандык делегациянын доклады конференциянын катышуучулары  арасында зор кызыгууну туудурду.  

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү