2017-жылдын 3-сентябрында саат 20:00дө Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо добуш берүүгө катышкандардын саны

03 сентября 2017

Бүгүн,  2017-жылдын 3-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык  кеңешинин жана Токтогул районунун  Кызыл-Өзгөрүш айылдык  кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү.    

 2017-жылдын 3-сентябрында саат 20:00дө  Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районун Тогуз-Торо айылдык  кеңешинин, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин жана Токтогул районунудагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарына добуш берүүгө 10 688 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 54,93 пайызын түздү.   

Шайлоочулардын активдүү добуш берүүсү Кара-Суу шаарында байкалды, тизмедеги шайлоочулардын 61,75 пайызы  добуш берди.

Айылдык кеңештер боюнча Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңеште 44, 61 пайыз,  ал эми Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш  айылдык кеңешинде шайлоочулардын келиши 45,76 пайызды түздү.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү