КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетовдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
02 сентября 2017
2017-жылдын 2-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетовдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 38 660 кол тамгалары түшкөн.
КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №156-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди колдоого шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуунун тартиби жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тапшырган кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жөнүндө” Нускаманын 57 беренесине ылайык “кол коюлган барактардагы шайлоочулардын бардык кол тамгалары, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы бекиткен формага ылайык келбегендиктен кол коюлган барактар ишенимдүү эмес” деп табылды.
“Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Казыбек Орозакунович Шайымбетовдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Жумушчу тобунун 2017-жылдын 30-августагы Протоколу менен Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетовду колдогон шайлоочулардын 38 660 кол тамгасы ишенимдүу эмес деп табылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
