2017-жылдын 3-сентябрындагы Жергиликтүү кеңештердин депутатарын шайлоодо саат 17:00гө карата шайлоочулардын келиши
03 сентября 2017
Бүгүн, 2017-жылдын 3-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине депутаттарды шайлоолор өтүүдө.
2017-жылдын 3-сентябрында саат 17:00гө карата Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо 8 716 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул шайлоочулардын тизмесиндегилердин 44,8 пайызын түзөт.
Кара-Суу шаарында добуш берүүнүн активдүүлүгү байкалды, шайлоочулардын тизмесиндегилердин 50,6 пайызы добуш берди. Айылдык кеңештер боюнча, Тогуз-Торо айылдык кеңешинде тизмедеги шайлоочулардын 40,82 пайызы добуш берип активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ал эми Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинде 40,61 пайыз, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде тизмедеги шайлоочулардын 37,77 пайызы добуш берүүгө катышты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
