Ош жана Жалал-Абад облустарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат

03 сентября 2017

Бүгүн, 2017-жылдын 3-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңеши менен Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинде бирдиктүү 1 шайлоо округу жана 6 шайлоо участкасы уюшулган.

Жалал-Абад облусу боюнча Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинде 3 шайлоо округу, 3 шайлоо участкасы;  Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинде 2 шайлоо округу, 3 шайлоо участкасы; Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде 4 шайлоо округу, 4 шайлоо участкасы түзүлгөн. Жалпы 9 шайлоо округ, 16 шайлоо участкасы уюшулган.

Шайлоочулардын тизмесине жалпы 19 455 шайлоочу киргизилген. 19 181 шайлоо бюллетендери даярдалып, шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилген.

КР БШК эске салат, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 1-июлундагы №125 Жарлыгынын негизинде, ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 19-июлундагы №131 Жарлыгынын негизинде, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы айылдык кеңеш тарабынан шайланбай калгандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү